Урматтуу телерадио тармагынын кызматкерлери!

Урматтуу телерадио тармагынын кызматкерлери! Сиздерди 8-декабрь кесиптик майрамыныздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Теле жана радио кызматкерлеринин күнүмдүк жумушу өзгөчө мааниге ээ. Себеби, телевидение жана радио ар бирибизге өлкөдөгү болуп жаткан окуялар туурасында маалыматты жеткирип, биздин жашообузду жандандырып турат. Анда иштеген кызматкерлер окуяны жалпы өлкөгө чагылдыруу үчүн күнү түнү эмгектенишет. Ары татаал, ары кызыктуу кесибиниздер аркылуу өлкөбүздүн күнүмдүк турмушун чагылдырып, ар дайым жакшы жөрөлгөлөргө ортоктош болуп жүрө бериниздер. Сиздерге чын ден соолук, чыгармачылык ийгилик жана үй-бүлөнүздөр менен бакубат турмуш сүрүшүңүздөрдү каалайбыз! Түйшүктүү ,жооптуу жана сыймыктуу кесипте үзүрлүү эмгектене беришиниздерге тилектешпиз!
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын жамааты.
Previous Next

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУНУН БАЙКООЧУ КЕНЕШИНИН ОТУРУМУ ӨТТҮ.

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУНУН БАЙКООЧУ КЕНЕШИНИН ОТУРУМУ ӨТТҮ.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун байкоочу кенешинин отуруму өттү. Отурумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнү Илияз Иманбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев, Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунун директору Самат Медеров, Байкоочу кенештин мүчөлөрү жана район, шаарлардын жетекчилеринин биринчи орун басарлары катышты. Алгач жыйындын башында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев Фондтун Байкоочу кенешинин жаны курамы менен тааныштырып, иштерине ийгилик каалады. Андан сон Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын директору Самат Медеров 2022-жылдын 9 ай ичинде Фонд тарабынан аткарылган жумуштар тууралуу маалымат берди. Жыйындын жүрүшүндө Фондтун ишмердүүлүгү, бекитилген пландын аткарылышы, өткөрүлгөн тендерлер, курулуп жаткан жана ишке берилген курулуш объектилери талкууланды. Ошондой эле, 2022-жылга карата район жана шаарлардан келип түшкөн сунуштардын негизинде жылдык планга толуктоолор киргизилип, кирише алып келүүчү долбоорлор каралды. Фондтун директору Самат Медеров курулуп жаткан объектилердин сапатына жана коопсуздугуна тыкыр көнүл бөлүп, курулуш компаниялардын өкүлдөрүнө келишимдеги милдеттерин так аткаруу талаптары коюлгандыгын баса белгиледи. Ошондой эле, фонд тарабынан бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу зарыл экендигин кошумчалады. Быйыл бөлүнгөн каражаттын 50 пайызы киреше алып келүүчү долбоорлорду колдоого, өндүрүш, женил өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө жумшаларын директор айтып өттү.

Previous Next

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУНУН БАЙКООЧУ КЕНЕШИНИН ЖАНЫ КУРАМЫ.

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУНУН БАЙКООЧУ КЕНЕШИНИН ЖАНЫ КУРАМЫ.
Фондтун Байкоочу кенешинин курамы райондор жана шаарлардын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан 2 жыл мөөнөткө бекитилет. Бикитилген тизме төмөндөгүдө:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы-Далиев Улан Эшенович.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Каракол шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы-Толумбекова Гульнара Самудиновна;
3. Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү-Чыныбаева Гүлсүн Абдрасуловна;
4. Тоң районунун, Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин депутаты-Жекшен уулу Алтынбек;
5. Балыкчы шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана салык маселеси боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы-Кулова Майрамкүл Эсенбаевна;
6. Ак-Суу районунун коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү-Урмолдоев Дөөлөткелди Бексыргаевич;
7. Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү- Орозобекова Асыл Кызайбековна;
8. Түп районунун мамлекеттик администрациясынын коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү- Шаршеев Рысбек Аалыевич;
9. Каракол шаардык жергиликтүү кеңешинин депутаты- Камалов Каныбек Рыскулович;
10. Ак-Суу Арашан коомунун мүчөсү-Калмакиев Азамат Турсуналиевич;
11. “Кумтор Голд Компани” ЖАКнун өкүлү-Кожобаев Руслан Курманбекович.

Previous Next

ШАПАК АЙЫЛЫНА ЖАНЫ ФАП КУРУЛДУ.

ШАПАК АЙЫЛЫНА ЖАНЫ ФАП КУРУЛДУ.
Ак-Суу районунун Шапак айылына жаны фельдшер-акушердик пункт салынды. Курулуш толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланды.Жалпы тендерлик баасы 4 млн 741 мин сомду түздү. Бул каражатка имараттын курулушунан тышкары, сырткы даараткана, очоккана салынып, керектүү эмеректер алынган. Бүгүнкү күндө курулуш толугу менен аяктап, имарат колдонууга берилди. Фельдшердик-акушердик пунктунун жетекчиси Гульжан Саданбекованын айтымында буга чейин атайын медициналык имараттын жоктугунан медиктер 1960-жылы салынган эски имаратта иштеп келишкен. Ал жакта толук кандуу шарттар түзүлбөгөндүктөн бир топ кыйынчылыктар жаралып келген. Ал эми жаны имараттын салынышы менен бул көйгөйлөр чечилип, калкты сапаттуу медициналык тейлөөгө шарттар түзүлдү. Фельдшердик-акушердик пункта 3 кызматкер иштеп, 1000 ашуун жашоочуну тейлешет.