Previous Next

КЫРГЫЗ ТИЛИ- БИЗ ҮЧҮН БИЙИК ОРДУН, АЛА-ТООДОЙ АР ДАЙЫМ БИЙИК БОЛГУҢ!

КЫРГЫЗ ТИЛИ- БИЗ ҮЧҮН БИЙИК ОРДУН,
АЛА-ТООДОЙ АР ДАЙЫМ БИЙИК БОЛГУҢ!
Бүгүн 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 33 жыл мурун, тагыраак айтканда 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз-тили мамлекеттик тил деген статуска ээ болгон. Ошондон бери бул күн өлкөбүздө тил майрамы катары белгиленип келет. Урматтуу Мекендештер бүгүнкү «Улуу майрам» менен чын дилибизден куттуктап кетмекчибиз! Улуу майрам деп айтууга толук негиз бар. Анткени ар бир улуттун өзүнүн ыйык өзгөчөлүктөрү болот. Алардын эң башкысы бул –тили. Бүгүн тилин жоготкон эл, эртең элдүүлүгүн жоготот. Элдүүлүгүн жоготкон элде эч качан мамлекеттүүлүк деген түшүнүк болбойт. Тилибизди көздүн карегиндей сактап, улам байытып, өнүктүрүп өстүрүүгө ар бир кыргыз атуулун чакырабыз! Жана келечек муунга кичинесинен эне тилибизге болгон сүйүүнү арттырып, баалап-барктоого чакыруу биздин милдет экенин дагы бир жолу белгилейбиз!
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын жамааты!

Previous Next

ОРГОЧОРДУК ИШКЕР ЧАКАН ТИГҮҮ ЦЕХИН АЧТЫ.

ОРГОЧОРДУК ИШКЕР ЧАКАН ТИГҮҮ ЦЕХИН АЧТЫ.

Жети-Өгүз районунун Оргочор айылынын тургуну 25 орундуу тигүү цехин ачты. Ишкана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун колдоосу менен ачылды. 2022-жылы ишкер тигүү цехин ачуу боюнча долбоор жазып Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна кайрылган. Фондтун Байкоочу кенеши долбоорду жактырып, 1 млн сом пайызсыз насыя бөлүү чечимин чыгарган. Каражатка ишкер тигүүчү машиналарды, бычуучу аппараттарды, үтүктөрдү жана башка керектүү жабдууларды сатып алган. Тигүү цехи айылдык маданият үйүнүн бир тарабында жайгашкан жана ошондой эле үйдө отуруп тигип берем деген тикмечилерге шарттарды түзүп берген. Ишкердин айтымында буйрутмалар басымдуу түрдө Россиядан түзүүдө. Тигүүчүлөрдүн айлык акысы жума сайын берилип, орто эсеп менен 15 мин сомдон 25 мин сомго чейин жетет.
_______________________________________________________________________
СЕЛЬСКИЙ ПРЕДПРИНИМАТЕЛЬ ОТКРЫЛ НЕ БОЛЬШОЙ ШВЕЙНЫЙ ЦЕХ.

Житель села Оргочор Джеты-Огузского района открыл швейный цех на 25 мест. Предприятие открыто при поддержке Фонда развития Иссык-Кульской области. В 2022 году предприниматель написал проект по открытию швейного цеха и обратился в Фонд развития Иссык-Кульской области. Наблюдательный совет фонда одобрил проект и принял решение о выделении 1 млн сомов беспроцентного кредита. На полученные средства предприниматель купил швейные машины, раскройные машины, утюги и другое необходимое оборудование. Швейная мастерская находится в здании дома культуры. Также, предприниматель создал условия для портных, которые хотят шить дома. По словам предпринимателя, заказы получают в основном из России. Заработная плата портным выплачивается каждую неделю и в среднем составляет от 15 до 25 тысяч сомов.

Previous Next

ЧОЛПОН-АТА ШААРЫНА ЖАҢЫ КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨЧҮ БОРБОР КУРУЛАТ.

ЧОЛПОН-АТА ШААРЫНА ЖАҢЫ КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨЧҮ БОРБОР КУРУЛАТ.
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына жаны калкты тейлөөчү борбор курулат. Имараттын пайдубалына капсула салуу аземине Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун техникалык адиси, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Курулуш толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан каржыланат. Жалпы тендерлик баасы 13 млн. 458 мин сомду түздү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан заманбап тейлөө борборун куруу сунушу келип түшкөн. Фондтун Байкоочу кенеши тарабынан бул демилге колдоого алынып, тийиштүү каражат бөлүнгөн. Учурда курулуштун баштапкы этаптары башталды. Имараттын жалпы аянты 270 м2. Жаны имарат бардык тийиштүү шарттары менен болуп, калкты сапаттуу, тез кызмат көрсөтүүгө шарт түзмөкчү.

Previous Next

ТОСОРДУК ИШКЕР ТЕМИР БЕТОНДУ ИШТЕТҮҮЧҮ ЧАКАН ИШКАНА АЧТЫ.

ТОСОРДУК ИШКЕР ТЕМИР БЕТОНДУ ИШТЕТҮҮЧҮ ЧАКАН ИШКАНА АЧТЫ.

Жети-Өгүз районунун Тосор айылынында темир бетонду иштетүүчү чакан ишкана ачылды. Долбоор Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун колдоосу менен ишке ашырылды. Ишкер Азарбек Чекировдун темир бетонду иштетүү долбоору Фондтун Байкоочу кенеши тарабынан колдоого алынып 4 млн сом каражат бөлүнүп берилген. Бул каражатка ишкер керектүү жабдыктарды, техникаларды сатып алган. Учурда ишкана толук кандуу иш жүргүзүп, бетон шакекчелерин, ноолорду жана көпүрөлөрдү чыгарууда. Ишкердин айтымында учурда 5 адам жумуш орду менен камсыз болду. Ошондой эле келечекте ишкананы кенейтүү менен бирге дагы кошумча жумуш ордуларын түзүү пландары бар экендигин кошумчалады.
_____________________________________________________________________

ПРЕДПРИНИМАТЕЛЬ ИЗ ТОСОРА ОТКРЫЛ МАЛОЕ ПРЕДПРИЯТИЕ ПО ПЕРЕРАБОТКЕ ЖЕЛЕЗОБЕТОНА.

В селе Тосор Джети-Огузского района открыто малое предприятие по переработке железобетона. Проект реализован при поддержке Фонда развития Иссык-Кульской области. Наблюдательный совет Фонда поддержал проект предпринимателя Азарбека Чекирова по переработке железобетона и выделил 4 млн сомов. На эти средства предприниматель купил необходимое оборудование и технику. В настоящее время предприятие работает в полную силу, выпуская бетонные кольца, бетонные плиты и мосты. По словам предпринимателя, на сегодня в предприятии работают 5 человек. Он также добавил, что наряду с расширением предприятия в будущем планируется создание дополнительных рабочих мест.