Previous Next

КАРАКОЛ ШААРЫНДАГЫ КИНОТЕАТР ИШКЕ КИРЕТ.

КАРАКОЛ ШААРЫНДАГЫ КИНОТЕАТР ИШКЕ КИРЕТ.
Каракол шаарындагы 30 жылдан ашуун иштебей турган кинотеатр ишке кирет. Караколдук ишкер тарабынан ижарага алынганы менен “Ысык-Көл” кинотеатры кароосуз калып, көп жылдар бою иштебей турган. 2021-жылы ишкер имаратты ондоп-түзөөдөн өткөрүп, кайра иштетүүгө долбоор жазып Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна кайрылган. Фондтун Байкоочу кенеши долбоорду колдоого алып, 18 миллион сом каражат бөлгөн. Мындан сырткары ишкердин өздүк салымы бар. Аталган каражатка кинотеатр толугу менен реконструкцияланды. Тактап айтканда, чатыры алмаштырылды, ички жана сырткы жасалгалары ондолду, электр линиялары жана сантехникалык түтүкчөлөрү толугу менен жаныртылды. Ошондой эле, тасма көрсөтүү үчүн тийиштүү жабдыктар сатылып алынды. Ишкердин айтымында имараттын дубалынан тартып бардык бөлүктөрү ондоодон өттү. Себеби, имарат кароосуз калгандыктан өтө кейиштүү абалда болгон. Ал эми ондоо учурунда бардык коопсуздук талаптары эске алынгандыгын кошумчалады. Бүгүнкү күндө ондоо иштеринин 90 пайызы аяктап калды. “Ысык-Көл” кинотеатры облустагы ири кинотеатрлардын бири. Кинотеатрда 6 тасма залы бар. Бир учурда 400 жакын көрүүчүнү кабыл ала алат. Ошондой эле, балдар үчүн оюн-зоок аянтчасы жана дүкөндөр болмокчу.

__________________________________________________________________________________________

СКОРО ОТКРОЕТСЯ КИНОТЕАТР В КАРАКОЛЕ.
На днях откроется кинотеатр в Караколе, который не работал более 30 лет. Несмотря на то, что его арендовал частный предприниматель кинотеатр «Иссык-Куль» находился в запущенном состоянии и много лет не работал. В 2021-году предприниматель обратился в Фонд развития Иссык-Кульской области с проектом по реконструкции здания. Наблюдательный совет фонда поддержал проект и выделил 18 миллионов сомов. Кроме того, предпринимателя внес свой вклад. На указанные средства кинотеатр был полностью реконструирован. В частности, была заменена крыша, отремонтированы внутренняя и внешняя часть здания, а также полностью обновлены электрические линии и сантехника. Также было закуплено соответствующее оборудование для показа фильмов. По словам предпринимателя, ремонту подверглись все части здания, начиная со стен. Так как здание долгое время находилось в очень плачевном состоянии. Он добавил, что при ремонте были учтены все требования технической безопасности. На сегодняшний день завершено 90 процентов ремонтных работ. Кинотеатр «Иссык-Куль» - один из крупнейших кинотеатров области. В кинотеатре 6 кинозалов. Единовременно он может вместить до 400 зрителей. Также в нем будут детская развлекательная зона и магазины.

Previous Next

ТӨРТ-КҮЛДӨ ЖАНЫ СЕЙИЛ БАГЫ АЧЫЛДЫ.

ТӨРТ-КҮЛДӨ ЖАНЫ СЕЙИЛ БАГЫ АЧЫЛДЫ.

Тон районунун Төрт-Күл айылында жаны сейил багы ачылды. Сейил бак ачууну жергиликтүү бийлик өкүлдөрү демилгелешкен. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу демилгени колдоого алып, 853 мин сом кошумча каржылоо бөлгөн. Жаны эс алуу паркында айыл тургундарынын жана кичинекей бөбөктөрдүн көнүлдүү эс алуусуна бардык шарттар түзүлүп, селкинчектер, отургучтар, фонтан, ден-соолукту чындоочу атайын машыгуу жабдуулары орнотулган. Жаны сейил багы айылдыктардын сүйүктүү жайына айланат деп ишенебиз.

___________________________________________________________________

В ТОРТ-КУЛЕ ОТКРЫЛСЯ НОВЫЙ ПАРК.

В селе Торт-Куль Тонского района открылся новый парк. Местные власти обратились в Фонд с предложением об открытии нового парка. Фонд развития Иссык-Кульской области поддержал инициативу и выделил 853 тысячи сомов. В новом парке отдыха созданы все условия для жителей села и маленьких детей, установлены качели, скамейки, фонтан, специальные оздоровительные тренажеры. Мы верим, что новый парк станет любимым местом жителей села.

 

Previous Next

КАРООЛ-ДӨБӨ АЙЫЛЫНДА ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ АЧЫ­ЛДЫ.

КАРООЛ-ДӨБӨ АЙЫЛЫНДА ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ АЧЫ­ЛДЫ.

Ысык-Көл районунун Кароол-Дөбө айылында кичи футбол аянтчасы­нын курулушу аяктап, колдонууга берилди. Спорттук аянтчанын ачылыш аземине жер­гиликтүү бийлик өкүл­дөрү жана айыл тургу­ндары катышты. Аталг­ан футбол аянтчасы Ысык-Көл облусун өнүк­түрүү фондусунун кол­доосу менен салынды. Курулуштун тендерлик баасы 2 млн. 736 мин сомду түздү. Фу­тбол аятнчанын жалпы аянты 1033 метр. Ку­рулуш 2022-жылдын май айында башталып, август айында бүткөрү­лдү. Мындай спорттук аянч­алардын жер-жерлерге курулушу айыл тургу­ндарын сергек жашоого үндөп, жаш муундар­ды физикалык жана ру­ханий жактан чыңдоого өбөлгө түзмөкчү.
__________________________________________________

В СЕЛЕ КАРООЛ-ДОБО ОТКРЫЛОСЬ ФУТБОЛЬНОЕ ПОЛЕ.
Завершено и сдано в эксплуатацию строите­льство малого футбол­ьного поля в селе Кароол-Добо Иссык-Кульского района. В церемонии открыт­ия спортивной площад­ки приняли участие представители местной власти и жители сел­а. Футбольное поле построено при поддерж­ке Фонда развития Ис­сык-Кульской области. Тендерная стоимость ​ строительства составляет 2 млн. 736 тысяч сомов. Общая площадь футбольного поля составляет 10­33 метра. Строительс­тво началось в мае 2022 года и завершило­сь в августе этого же года. Строительство таких спортивных площадок в сельских местностях способствует жителям села вести здоровый образ жизни, а также укреплению физического духа подрастающего покол­ения.
( Фото Ысык-Көл райондук администрациясы)

Previous Next

Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу Ысык-Көл облусунун тургундары жана коноктору! Жалпыныздарды 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдык мааракеси менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциянын эмгек жааматынын атын

Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу Ысык-Көл облусунун тургундары жана коноктору! Жалпыныздарды 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдык мааракеси менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциянын эмгек жааматынын атынан чын дилибизден куттуктайбыз! Эгемендүүлүк майрамы өлкөнүн эң маанилүү, негизги майрамдарынын бири. Бул күн биздин эркиндигибиздин, өлкө катары өз алдынчалыгыбыздын, эл катары биримдигибиздин символу. Баарыбыз билгендей эле, эгемендүү жылдар өлкөбүз үчүн оңой болгон жок. 31 жыл ичинде Мекенибиз көптөгөн окуяларды башынан өткөрдү. Бирок кыйынчылыктарга карабастан өлкөбүз өнүгүп-өсүү жолунда бара жатат. Эгемендүүлүгүбүз бар үчүн, тилибиз, элибиз, маданиятыбыз, мекенибиз өнүгүп алдынкы өлкөлөрдөн болот деген ишенимибиз зор. Биз дагы өз кезегинде мамлекет үчүн чын ниетибизден кызмат кылып, элибиздин бакубат жошоосу үчүн өз салымыбызды кошууга аракеттенип келебиз. Жергебизде ар дайым тынчтык, биримдик жана токчулук болсун!
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясы.