Previous Next

ТАМГА АЙЫЛЫНЫН БОРБОРДУК КӨЧӨСҮ ОҢДОЛДУ.

ТАМГА АЙЫЛЫНЫН БОРБОРДУК КӨЧӨСҮ ОҢДОЛДУ.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун каржылоосу менен Тамга айылынын борбордук көчөсү толугу менен ондоп-түзөөдөн өткөрүлүп, асфальт төшөлдү. Ошондой эле, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жасалды. Ондоо иштеринин жалпы сметалык баасы 25 млн.503 мин сомду түздү. Ал эми узундугу 1300 метрди түзөт. Борбордук көчөнүн ондолушу жана тротуарлардын салынышы жергиликтүү жашоочулар үчүн коопсуздукту алдын алып, туристтердин келишине бирден-бир шарт түзмөкчү. Себеби, туризм жергиликтүү жашоочулардын негизги каражат булактарынын бири.
Кошумчалай кетсек, Ысык-Көл өнүктүрүү фондусу облус боюнча айыл жергесинин инфраструктурасын жакшыртуу демилгесин кенири колдоп, жылына ири суммадагы акча каражаттарын бөлүп келет.
Previous Next

ТҮПТӨ ЖАНЫ СПОРТ ЗАЛ ИШКЕ БЕРИЛЕТ.

ТҮПТӨ ЖАНЫ СПОРТ ЗАЛ ИШКЕ БЕРИЛЕТ.
Түп районунун Кен-Суу айылында жаны курулган спорт зал колдонууга берилет. Спорттук имараттын курулуш иштери толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан каржыланды. Курулуш 2019-жылдын Август айында башталып, 2023- жылдын Октябрь айында толугу менен бүткөрүлдү. Жалпы аянты 739м2 түзөт. Сметалык баасы 21 млн. 979 мин сом. Спорт залда бардык шарттар түзүлгөн. Жуунуучу жайлар, ички дааратканалар, тренерлердин бөлмөсү жана чечинүүчү бөлмөлөр бар.
Previous Next

КАРАКОЛ ШААРЫНА ЖАНЫ ТЕХНИКА ТАПШЫРЫЛДЫ.

КАРАКОЛ ШААРЫНА ЖАНЫ ТЕХНИКА ТАПШЫРЫЛДЫ.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу Каракол шаардык Тазалык муниципалдык ишканасына жаны автогидравликалык көтөргүч (автовышка) техникасын тапшырды. Атайын техниканын баасы 6 миллион 600 мин сомду түздү. Бул авто-мунара жүктөрдү, аспаптарды, бийиктикке көтөрүүгө жана бийиктикте иштөө үчүн багытталган. Жаны алынган техника Тазалык ишканасынын кызматкерлерин жумушун женилдетип, жумушчуларды белгилүү бир бийиктикке көтөрүүгө жана имараттын фасадындагы монтаждоо, курулуш иштерин жүргүзүүдө жана өнөр жайлык альпинизмде колдонулмакчы.
Previous Next

ЭСЕПТИК ПАЛАТАСЫНЫН ТЕКШЕРҮҮСҮ БОЮНЧА МААЛЫМАТ.

ЭСЕПТИК ПАЛАТАСЫНЫН ТЕКШЕРҮҮСҮ БОЮНЧА МААЛЫМАТ.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясында 2019-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейинки аралыгына карата бюджеттин аткарылышына жана ишине жургүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан көрсөтүлүп жаткан 665 млн. 867 миң сомдук финансылык бузуулар Эсептөө палатасынын 03.10.2023 жылдын Чыг.№01-08/63 Жазма буйругундагы көрсөтүлгөн маалыматка дал келбейт. Эсептөө палатасы тарабынан берилген сунуштамада жана жазма буйрукта 4 жыл ичиндеги иш алып баруудагы процедуралык кемчиликтер кетирилгени көрсөтүлгөн. Аталган сумма процедуралык бузуулар буйрукта көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу менен, тийиштүү иш кагаздарды, дебитордук карыздарды тастыктоо жана отчеттук кагаздарды толуктоо жолу менен калыбына келтирүү мүмкүн экендигин билдиребиз. Андыктан, Дирекция тарабынан мамлекеттин казынасына зыян келтирилген эмес жана ошондой терс ой-пикирди жаратпоо максатында төмөндөгү 665 млн. 867 миң сомдук финансылык бузуулар (зыян келтирүү) Дирекция тарабынан келтирилбегендигин маалымдайт. Ал эми процедуралык кемчиликтерден келип чыккан бузууларды ондоо менен бирге, финансылык каражаттарды эсеп калыбына келтирүү иштерин алып бармакчыбыз. Ошондой эле, тийиштүү талапка ылайык эсептик жана өндүрүштүк милдеттерин туура жүргүзбөгөн кызматкерлерге чара колдонуу жана жоопкерчиликтерин кароо боюнча иштер жүргүзүлмөкчү.