Previous Next

ЧОЛПОН-АТА ЖАНА БАЛЫКЧЫ ШААРЛАРЫНДА ЖАНЫ КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨ БОРБОРЛОРУ КОЛДОНУУГА БЕРИЛЕТ.

ЧОЛПОН-АТА ЖАНА БАЛЫКЧЫ ШААРЛАРЫНДА ЖАНЫ КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨ БОРБОРЛОРУ КОЛДОНУУГА БЕРИЛЕТ.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу тарабынан Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларына жаны заманбап калкты тейлөө борборлору курулду. Курулуш иштери 2022-жылдын күз айларында башталган. Обьектилердин жалпы буткорүлгөн суммалары Чолпон-Атадагы борбор 11 960 309 сом, ал эми Балыкчы шаарындагысы 6 953 100 сомду түздү. Учурда курулуштун дээрлик 95% бүтүп калды. Жакынкы күндөрү толугу менен колдонууга берилүү пландалууда. Буга чейин шаардык атайын калкты тейлөө борборунун имараты болгон эмес. Жаны имараттын берилиши менен калкты тейлөө сапаты жогорулап, ынгайлуу шарттар түзүлмөкчү.
Previous Next

ЖАҢЫ АРЫК АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ МЕКТЕП БҮТКӨРҮЛДҮ.

ЖАҢЫ АРЫК АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ МЕКТЕП БҮТКӨРҮЛДҮ.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун каржылоосу менен Ак-Суу районунун Жаңы Арык айылында жаны мектептин курулушу аяктап, колдонууга берилди. Жалпы тендерлик баасы 53 млн.212 мин сомду түздү. Ачылыш аземге Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун директору Самат Медеров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты. Мектеп 320 орунга ылайыкташкан, жалпы аянты 1411 чарчы метр. Балдар үчүн бардык тийиштүү шарттар, спорт зал, жуунуучу жайлар, ички дааратканалар каралган.
Previous Next

ЧОЛПОН-АТА ШААРЫНДА ЖАНЫ ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ.

ЧОЛПОН-АТА ШААРЫНДА ЖАНЫ ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ.
Чолпон-Ата шаарында жаны курулган футбол аянтчасы ачылып, пайдаланууга берилди. Ачылыш аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундары катышышты.Футбол аянтчанын курулуш иштери толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан каржыланды. Жалпы сметалык баасы 3 266 499 сомду түздү. Жаны футбол аянтчасы жаштар үчүн мыкты белек болуп, сергек жашоого шарт түзмөкчү.
Previous Next

“КАРКЫРА” ЧЕК АРА ЗАСТАВАСЫНА МОНЧО КУРУЛДУ.

“КАРКЫРА” ЧЕК АРА ЗАСТАВАСЫНА МОНЧО КУРУЛДУ.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун колдоосу менен Түп районуна караштуу “Каркыра” чек ара заставасынын аскер кызматкерлери үчүн мончо салынды. Жаны мончонун курулушу 2022-жылдын жаз айларында башталган. Курулушка жалпысынан 12 млн.496 мин сом каражат бөлүнгөн. Мончо 10 адамга ылайыкташып, баардык шарттар каралган. Бүгүнкү күнү курулуш иштери толугу менен бүткөрүлүп, колдонууга берилди.