Previous Next

БОЗ БЕШИКТЕ ЖАНЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ.

БОЗ БЕШИКТЕ ЖАНЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ.
Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылындагы эски маданият үйүн бала бакча кылып реконструкциялоо иштери аяктап, колдонууга берилди. Курулуш толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан каржыланды. Жалпы тендерлик баасы 14​ 287​ 443 сомду түздү. Ошондой эле 973​ 800 сомго эмеректер жана керектүү жабдуулар ​ сатылып алынды. ​ Бала бакчада бардык тийиштүү шарттар каралган жана ​ коопсуздук талаптарына ​ толугу менен жооп берет. Буга чейин Боз-Бешик ​ айылында бала бакча жок болгондуктан, балдар коншу айылдардагы бакчаларга барышчу. Жаны бакчанын салынышы менен бул көйгөй чечилип, балдардын тарбияланышына мыкты шарттар​ түзүлдү. Мектепке чийинки билим берүү мекеменин ачылышын чыдамсыздык менен күткөн айылдыктар үчүн бүгүн кош майрам болууда.
Previous Next

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУНУН 2022-ЖЫЛЫ АТКАРГАН ИШТЕРИ БОЮНЧА МААЛЫМАТ.

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУНУН 2022-ЖЫЛЫ АТКАРГАН ИШТЕРИ БОЮНЧА МААЛЫМАТ.

2022-жылдын январь-декабрь айларында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясы тарабынан төмөндөгүдөй жумуштар аткарылды.
2022-жылдын январь-декабрь айларына карата “Кумтөр Голд Компани” ишканасы тарабынан Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусуна 800 800 000 сом акча каражаты түшкөн жана 900 000 000 сом каржыланып берилди. Биринчи пландык көрсөткүч каржылоо март айынан башталган. Жалпы план 91,0 пайызга аткарылды.
Эскертүү: Пландын 91,0 пайыз аткарылгандыгынын себеби, 2022-жылга карата Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан смета 500,0 млн. сом бекитилген, ошондон улам, сметадан ашык төлөөгө мүмкүн болбой калган.
Аталган сметаны көбөйтүү боюнча 2022-жылдын июнь айында Каржы министрлигине кайрылуу жолдонуп, октябрь айынан тарта объектилер каржылана башталган КР Каржы министрлиги тарабынан бекитилген смета жалпысынан 927,0 млн.сомду түздү. Ал эми каржыланган сумма 922,0 млн. сомду түзөт. Бекитилген сметага алганда план 99,0 пайызга аткарылды.
2022-жылы 12 айына Байкоочу кеңеш тарабынан бекитилген пландын жана каржыланган акча каражатынын тармактарга бөлүнүшү (млн.сом менен)
Билим берүү тармагы 147 394,0
Саламаттыкты сактоо тармагы 32 212,8
Маданият тармагы 29 946,7
Спорт тармагы 23 179,7
Жол жана суу менен камсыздоо 95 203,6
Өздүк салым менен камсыздоо 91 492,1
Киреше алып келүүчү долборлорго 363 701,6
Башка тармактарга 116 890,1
Баардыгы 900 020,5
2022-жылы Фонд тарабынан баардыгы болуп 200 объектиде курулуш жана оңдоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, жыл ичинде фондтун эсебинен каржыланып Балыкчы шаарындагы 4 км жол 105,6 млн сомго бүткөрүлдү, Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылындагы эски маданият үйүн бала бакча кылып реконструкциялоо иштери аяктады, сметалык баасы 13,6 млн.сомду түзөт. Тоң районунун Шор-Булак айылындагы мектептин актовый залынын курулушу аяктап колдонууга берилди (сметалык баасы 5,9 млн. сомду түзөт), Каракол шаарынын коопсуз аймак долбоорун колдоо максатында 2,5 млн. сом өздүк салым катары каржыланды. Ал эми Ак-Суу районунун коопсуз аймак долбоорун колдоо максатында 2,0 млн. сом бөлүнүп берилди. Жолголот айылындагы бала бакчасына 8,0 млн.сомдон ашык акча каражаты бөлүнүп, оңдоо иштери аяктап колдонууга берилди. Ой-Тал айылындагы бала бакчанын оңдоо иштерине 4,2 млн.сом каржыланып колдонууга берилди. Байзак айылындагы кичи футбол аянтчасы 2,5 млн. сом каржыланып курулуш иштери аяктады. Ысык-Көл районунун Темир айылындагы жаңы конушунуна 10,3 млн. сомго электр системасы отнотулуп берилди. Корумду айылындагы эски баня 3,7 млн сомго ФАПка реконструкцияланып колдонууга берилди. Ошондой эле, Кароол-Дөбө айылындагы кичи футбол аянтчасы 2,7 млн.сомго курулуп, колдоонууга берилди. Каракол шаарынын жолдорду тейлөөчү муниципалдык ишканасына 2 оор техника сатылып алынды. Ал эми жашылдандыруу боюнча муниципалдык ишканасына 1 техника алынып берилди. Жалпы техникаларга каржыланган акча каражаты 26,0 млн. сомду түздү. Ак-Суу районунун айыл аймактарына 4,5 млн.сомго 1 погрузчик жана 8,3 млн. сомго жаан кылып сугаруу агрегаттары сатып алынып берилди. Ак-Суу районунун Шапак айылындагы жалпы сметалык баасы 4,7 млн. сомду түзгөн ФАП колдонууга берилди. Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы мектептин курулушу аяктап, 2023-жылдын февраль айында колдонууга берилиши пландалууда.
Жалпысынан 2022-жылдын январь-декабрь айлары боюнча сатып алуу, оңдоп-түзөө жана курулуш объектилери боюнча 108 объекттин иштери аткарылып колдонууга берилди.
Ошондой эле, 2022-жылы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун акча каражатынын эсебинен 113 киреше алып келүүчү долбоор колдоого алынып 363,7 млн.сом каржыланды жана 1 200дөн ашык жумуш ордулары түзүлдү.

Previous Next

ЧОЛПОН-АТА ШААРЫНДА ЖАНЫ КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨ БОРБОРУ КУРУЛУУДА.

ЧОЛПОН-АТА ШААРЫНДА ЖАНЫ КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨ БОРБОРУ КУРУЛУУДА.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу тарабынан Чолпон-Ата шаарына жаны заманбап калкты тейлөө борбору курулуп жатат. Курулуш иштери 2022-жылдын сентябрь айында башталган. Жалпы тендерлик баасы 13​ 458​ 339 сомду түздү. Учурда курулуштун дээрлик 80% бүтүп калды. 2023-жылдын 1-кварталынын аягы менен колодонууга берилүү пландалууда. Буга чейин атайын ​ калкты тейлөө борборунун имараты болгон эмес. Жаны имараттын салынышы менен калкты тейлөө сапаты жогоруламакчы.

Previous Next

КАРАКОЛ ШААРДЫК МЭРИЯСЫНА ЖАНЫ ТЕХНИКА.

КАРАКОЛ ШААРДЫК МЭРИЯСЫНА ЖАНЫ ТЕХНИКА.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу тарабынан Каракол шаардык мэриясына жаны суу ташуучу (водовоз) атайын техника сатылып алынды. Техниканын тендерлик баасы 4 462 480 сомду түздү. Бул суу ташуучу машина Каракол шаарынын “Жашылдандыруу чарбасына” берилмекчи. Буга чейин ишканада мындай техниканын жоктугунан бак-дарактарды, гүлдөрдү, газондорду суугарууда көйгөйлөр жаралып келген. Жаны техниканын алынышы менен бул маселе чечилип, кызматкерлер үчүн бир топ женилдиктер болмокчу.

НОВАЯ ТЕХНИКА ДЛЯ МЭРИИ ГОРОДА КАРАКОЛ.
Фонд развития Иссык-Кульской области закупил для мэрии Каракола новый спецтехнику водовоз. Тендерная цена оборудования составила 4 462 480 сомов. Этот водовоз будет передан МП «Зеленхоз» города Каракол. Из-за отсутствия такой техники на предприятии были проблемы с поливом деревьев, цветов, газонов. С приобретением нового оборудования эта проблема будет решена, а работникам станет намного легче.