Previous Next

МИХАЙЛОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНА ЖАНЫ ТЕХНИКА ТАПШЫРЫЛДЫ.

МИХАЙЛОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНА ЖАНЫ ТЕХНИКА ТАПШЫРЫЛДЫ.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун каржылоосу менен Түп районунун Михайловка айыл аймагына жаны техникалар сатылып алынды. Техникалардын жалпы баасы 4 160 000 сомду түздү. Аталган техникалар айыл акмактын айдоо жерлерин тамчылатып суугаруу максатында алынды. Себеби, тамчылатып суугаруу системасын орнотуу учурдун талабы жана айыл чарбасынын түшүмдүүлүгүн көбөйүшүнө кыйла таасирин тийгизет. Жаны алынган техникалар айылдыктар үчүн кызмат кылмакчы.
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Previous Next

ВАКАНСИЯ!

ВАКАНСИЯ!
В Дирекцию по управлению фондом развития Иссык-Кульской области требуется Главный специалист технического надзора. Квалификационные требования:
-высшее образование по специальности;
-опыт работы в сфере строительства не менее 3-х лет;
-наличие сертификата по инжиниринговым услугам;
-знания законов и подзаконных актов в сфере строительства;
-справка о не судимости;
Резюме отправлять на почту Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.
Previous Next

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУНУН БАЙКООЧУ КЕНЕШИНИН ОТУРУМУ ӨТТҮ.

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУНУН БАЙКООЧУ КЕНЕШИНИН ОТУРУМУ ӨТТҮ.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун байкоочу кенешинин  2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча отуруму өттү. Отурумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын директору Самат Медеров, Байкоочу кенештин мүчөлөрү жана район, шаарлардын жетекчилеринин биринчи орун басарлары катышты. Алгач жыйындын башында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын директору Самат Медеров 9 ай ичинде Фонд тарабынан аткарылган жумуштар тууралуу маалымат берди. Жыйындын жүрүшүндө Фондтун ишмердүүлүгү, бекитилген пландын аткарылышы, курулуп жаткан жана ишке берилген курулуш объектилери, ишкерлерге берилип жаткан пайызсыз насыялар туурасында сөз болду. Ошондой эле, 2024-жылдын 9 ай ичинде  райондор жана шаарларга акча каражатынын бөлүнүшү жана пландын аткарышылы боюнча маалыматтар берилди. Жыйындын жүрүшүндө берилген сунуштарды эске алуу менен бирге жылдык планды  толук ишке ашыруу талаптары коюлду. Отурумдун соңунда. Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев Байкоочу кенештин мүчөлөрүнө сыйлыктарды тапшырды. Ага ылайык, Ысык-Көл облусунун алдындагы зор эмгегин, коомдук-саясий турмушундагы өзгөчө салымын жогору баалап, ыйгарым укуктуу өкүлдүн чечимине ылайык: “Ысык-Көл облусунун Ардактуу атуулу” наамы менен Орозобекова Асыл Кызайбековна- Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын Коомдук байкоочу кенешинин төрайымы сыйланды. Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өсүп өнүгүшүнө көрүнүктүү салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери, коомдук иштердеги активдүүлүгү үчүн: Ысык-Көл облусунун “Эмгек каарманы” наамы менен Толумбекова Кульнара Самудиновна- Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Каракол шаардык башкармасынын башчысы, Урмолдоев Дөлөткелди Бексыргаевич- Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын Коомдук байкоочу кенешинин төрагасы, Калмакиев Азамат- “Ак-Суу Арашан” коомдук бирикмесинин өкүлү, Чыныбаева Гүлсүн Абдрасуловна- Жети-Өгүз  райондук аялдар кенешинин төрайымы сыйланышты. Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, инфраструктуралык жана киреше алып келүүчү долбоорлордун ишке ашырылышына, ошондой эле Ысык-Көл облусун өнүктүрүү Фондунун ишинин негизги принциптерин, багыттарын жана артыкчылыктарын бекитүүдө кошкон зор салымы үчүн:  Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы менен Кожобаев Руслан Курманбекович - “Кумтор Голд Компани” Жабык акционердик коомунун өкүлү; Кулова Майрам Эсенбаевна -Балыкчы шаардык кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердикти колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Алкыш баракчасы менен- Шаршеев Рысбек Аалыевич - Түп райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы; Камалов Каныбек Рыскулович - Каракол шаарынын муниципалдык жашылдандыруу чарбасынын жетекчиси, Жекшен уулу Алтынбек- Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы коомдук байкоочу кенешинин төрагасы сыйлыка татышты.

 

 

 

 

 

 

 

Previous Next

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ИШЕМБИЛИКЕ КАТЫШТЫ.

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ИШЕМБИЛИКЕ КАТЫШТЫ.

2024-жылдын 20-апрелинде Республика боюнча “Улуттук тазалык күнү” акциясынын негизинде өткөрүлгөн жалпы ишембилике Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун кызматкерлери активдүү катышышты. Ишембилик Каракол шаарынын сейил парктарында өттү. Ишембиликтин максаты шаардын тазалыгын сактап, санитардык абалын жакшыртып ошондой эле жашылдандырууга багытталды. Жаз мезгили келгенден тарта, айлана- чөйрөнү ирээтке келтирип, суу өтүүчү арыктарды тазалап, жарандар өздөрү жашаган аймакты тазалап жөнгө салуусу абзел. Ал эми демилгечилер тарабынан алдыда келе жаткан туристик сезонго карата дагы өлкөнүн баардык аймактарында бул иш чаралар уланаары билгилүү болду. Андыктан жаз аяктаганга чейин аталган иш чара ар апта сайын жүргүзүлмөкчү.