КАРАКОЛ ШААРЫНДАГЫ КИНОТЕАТР ИШКЕ КИРЕТ.
Каракол шаарындагы 30 жылдан ашуун иштебей турган кинотеатр ишке кирет. Караколдук ишкер тарабынан ижарага алынганы менен “Ысык-Көл” кинотеатры кароосуз калып, көп жылдар бою иштебей турган. 2021-жылы ишкер имаратты ондоп-түзөөдөн өткөрүп, кайра иштетүүгө долбоор жазып Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна кайрылган. Фондтун Байкоочу кенеши долбоорду колдоого алып, 18 миллион сом каражат бөлгөн. Мындан сырткары ишкердин өздүк салымы бар. Аталган каражатка кинотеатр толугу менен реконструкцияланды. Тактап айтканда, чатыры алмаштырылды, ички жана сырткы жасалгалары ондолду, электр линиялары жана сантехникалык түтүкчөлөрү толугу менен жаныртылды. Ошондой эле, тасма көрсөтүү үчүн тийиштүү жабдыктар сатылып алынды. Ишкердин айтымында имараттын дубалынан тартып бардык бөлүктөрү ондоодон өттү. Себеби, имарат кароосуз калгандыктан өтө кейиштүү абалда болгон. Ал эми ондоо учурунда бардык коопсуздук талаптары эске алынгандыгын кошумчалады. Бүгүнкү күндө ондоо иштеринин 90 пайызы аяктап калды. “Ысык-Көл” кинотеатры облустагы ири кинотеатрлардын бири. Кинотеатрда 6 тасма залы бар. Бир учурда 400 жакын көрүүчүнү кабыл ала алат. Ошондой эле, балдар үчүн оюн-зоок аянтчасы жана дүкөндөр болмокчу.
__________________________________________________________________________________________
СКОРО ОТКРОЕТСЯ КИНОТЕАТР В КАРАКОЛЕ.
На днях откроется кинотеатр в Караколе, который не работал более 30 лет. Несмотря на то, что его арендовал частный предприниматель кинотеатр «Иссык-Куль» находился в запущенном состоянии и много лет не работал. В 2021-году предприниматель обратился в Фонд развития Иссык-Кульской области с проектом по реконструкции здания. Наблюдательный совет фонда поддержал проект и выделил 18 миллионов сомов. Кроме того, предпринимателя внес свой вклад. На указанные средства кинотеатр был полностью реконструирован. В частности, была заменена крыша, отремонтированы внутренняя и внешняя часть здания, а также полностью обновлены электрические линии и сантехника. Также было закуплено соответствующее оборудование для показа фильмов. По словам предпринимателя, ремонту подверглись все части здания, начиная со стен. Так как здание долгое время находилось в очень плачевном состоянии. Он добавил, что при ремонте были учтены все требования технической безопасности. На сегодняшний день завершено 90 процентов ремонтных работ. Кинотеатр «Иссык-Куль» - один из крупнейших кинотеатров области. В кинотеатре 6 кинозалов. Единовременно он может вместить до 400 зрителей. Также в нем будут детская развлекательная зона и магазины.