Previous Next

АК-ӨЛӨҢГӨ ЖАНЫ БАЛА БАКЧА КУРУЛУП ЖАТАТ.

АК-ӨЛӨҢГӨ ЖАНЫ БАЛА БАКЧА КУРУЛУП ЖАТАТ.

Тон районунун Ак-Өлөң айылына 100 орундуу бала бакча курулуп жатат. Курулуш толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан каржыланууда. Жалпы тендерлик баасы 43 миллион сомду түздү. Имараттын курулушу 2020-жылы башталган.Учурда экинчи кабатынын пайдубалы көтөрүлүп калды. Бала бакча бардык коопсуздук талаптарын сактоо менен фондтун техникалык адистеринин тыкыр көзөмөлүндө салынууда. Балдар үчүн бардык заманбап шарттар түзүлмөкчү. Буга чейин Ак-Өлөндө балдар бакчасы болбогондуктан, жаны имараттын курулушу менен бул көйгөй чечилмекчи.
__________________________________________________

В АК-ОЛОНЕ СТРОИТСЯ НОВЫЙ ДЕТСКИЙ САД.

В селе Ак-Олон Тонского района строится детский сад на 100 мест. Строительство полностью финансируется из фонда развития Иссык-Кульской области. Общая тендерная стоимость составила 43 миллиона сомов. Строительство здания началось в 2020 году. В настоящее время подняты стены второго этажа. Детский сад строится с соблюдением всех требований безопасности и под пристальным контролем технических специалистов фонда. Для детей будут созданы все необходимые условия. Так как в Ак-Олене раньше не было детского сада, эта проблема будет решена со строительством нового здания.

Previous Next

АК-СУУ РАЙОНУНА АТАЙЫН ТЕХНИКАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ.

АК-СУУ РАЙОНУНА АТАЙЫН ТЕХНИКАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ.

Ак-Суу районуна жалпы суммасы 42 млн. сомдук 14 атайын техникасы тапшырылды. Анын 25 737 050 сомун Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду бөлдү. Фондтун каражатына, айдоо жерлерин тамчылатып суугаруучу агрегат 2 даана, жалпы суммасы 10 млн. 471 990 сом. Фронталдык погрузчик 1 даана, суммасы 4 536 0000 сом. Дан эгиндерин себүүчү сеялка 1 даана, суммасы 1 300 000 сом. Эксковатор погрузчик 1 даана, өздүк салым 2 914 560 сом. Хово самосвал 1 даана, өздүк салым 3  714 500 сом. Таштанды чыгаруучу техника 1 даана, өздүк салым 2 800 000 сом. Алынып келинген техникалар райондогу айыл аймактарга жана тиешелүү мекемелерге бөлүнүп берилди.

АК-СУЙСКОМУ РАЙОНУ ПЕРЕДАЛИ СПЕЦТЕХНИКУ.

Ак-Суйскому району были переданы 14 единиц спецтехники на общую сумму 42 млн. сомов. Из них 25 737 050 тысяч сомов были выделены Фондом развития Иссык-Кульской области. На средства от Фонда развития были куплены 2 дождевальных аппарата на общую сумму 10 млн. 471 тысяч сомов. Сеялка 1 единица, на сумму 1 млн 300 тысяч сомов. Фронтальный погрузчик на сумму 4 млн. 536 тысяч сомов. Также,были софинансированы приобретения эксковатора-погрузчика на 2 млн.914 тысяч сомов, Хово самосвала на 3 млн. 714 тысяч сомов и мусоровоза для Чельпекского сельского округа на сумму 2 млн.800 тысяч сомов.  Вся техника была распределена по сельским округам и соответствующим учреждениям Ак-Суйского района.

Previous Next

Урматтуу курулушчулар! Урматтуу ардагерлер! Сиздерди кесиптик майрамыныздар- Курулушчулар күнү менен куттуктайм!

Урматтуу курулушчулар!
Урматтуу ардагерлер!
Сиздерди кесиптик майрамыныздар- Курулушчулар күнү менен куттуктайм!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 28-июлундагы № 539 токтомунун негизинде август айынын экинчи жекшембиси курулушчулар күнү деп белгиленген. Курулуш тармагы өлкөбүздүн орчундуу сектору болуп, мамлекетибиздин өнүүгүүсүндөгү ролу жана мааниси чон. Ал эми курулушчулардын кесипкөйлүүгүнөн жана кынтыксыз ишинен калктын коопсуз жашоосу көз каранды. Сиздердин жумушуңуздар өтө жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу экени талашсыз. Анткени Сиздер салган мектеп, бала бакчаларда канчалаган балдар тарбияланып, турак-жайга канчалаган жашоочу жашап, сиздер салган жолдон канчалаган адамдар басып өтөт. Өзүнүздөргө белгилүү болгондой Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан облусубузга бир катар социалдык объектилер курулуп келет. 2010-2021 жылдар аралыгында 37 мектеп, 8 бала бакча, 29 спортзал, 1 оорукана, 7 ФАП, 1 музей, 3 маданият үйү, 22 чакырым жол курулуп колдонууга берилгендигин баса белгилеп кетким келет. Майрамыныздар менен! Бул да болсо сиздердин кажыбас эмгегиниздердин жыйынтыгы деп билебиз. Курулушчу деген кесип дагы бир жолу айта кетким келет, өтө сыймыктуу кесип, анткени ар бириниздер жогорудагы айтылган имараттарды көрүп, ар дайым балдарынарга, неберелеринерге мактануу менен “Мен ушул имаратты кургам”- деп айта аласыздар. Сиздердин жараткан эмгегиниздер түбөлүкө эл журтка кызмат кылат. Жогорудагы айтылган курулуштардын тизмеси, жеке эле өнүктүрүү фонду аркылуу курулгандары болуп саналат. Мындан ары дагы Ысык-Көл өнүктүрүү фонду облусубуздун социалдык-экономикалык муктаждыктарын жоюуу багытында ишмердүүлүгүн уланта бермекчи.
Урматтуу курулуш тармагынын кызматкерлери дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.. Ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү жумушуңуздарга ийгиликтерди каалайм. Мындан ары да облусубуздун өнүгүүсүнө салым кошуп жүрө бериңиздер!

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү
фондун башкаруу боюнча
дирекциясынын директору   С.К. Медеров

Previous Next

ТАСМА АЙЫЛЫНА ЖАНЫ КҮРӨШ ЗАЛЫ КУРУЛАТ.

ТАСМА АЙЫЛЫНА ЖАНЫ КҮРӨШ ЗАЛЫ КУРУЛАТ.
Түп районунун Тасма айылына жаны күрөш залы курулмакчы. Имараттын пайдубалына капсула салуу аземине КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары У. Далиев, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун техникалык адиси К.Усубалиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Курулуш толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан каржыланат. Жалпы тендерлик баасы 10 млн. 135 мин сомду түздү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан айтылган айылга күрөш залын куруу сунушу келип түшкөн. Фондтун Байкоочу кенеши тарабынан бул демилге колдоого алынып, тийиштүү каражат бөлүнгөн. Учурда курулуштун баштапкы этаптары башталды. Спорттук имараттын жалпы аянты 204 м2. Жаны имарат көптөгөн айыл жаштарын спортко шыктандырып, сергек жашоого үндөйт деген ишеничтебиз.

В СЕЛЕ ТАСМА НАЧАТО СТРОИТЕЛЬСТВО НОВОГО БОРЦОВСКОГО ЗАЛА.
В селе Тасма Тюпского района планируется построить новый борцовский зал. В церемонии закладки капсулы на фундамент здания приняли участие первый заместитель Полномочного представителя Президента КР У. Далиев, технический специалист Фонда развития Иссык-Кульской области К. Усубалиев, представители местной власти и жители села. Строительство полностью финансируется из фонда развития Иссык-Кульской области. Общая тендерная стоимость составляет 10 млн. 135 тысяч сомов. Предложение о строительстве борцовского зала поступило от представителей местной власти. Данная инициатива была поддержана Наблюдательным советом Фонда и были выделены соответствующие средства. В настоящее время ведутся начальные этапы строительства. Общая площадь спортивного сооружения 204 м2. Мы верим, что новое здание вдохновит сельскую молодежь на занятия спортом и побудит многих сельчан вести здоровый образ жизни.