Previous Next

АК-ӨЛӨҢГӨ ЖАНЫ БАЛА БАКЧА КУРУЛУП ЖАТАТ.

АК-ӨЛӨҢГӨ ЖАНЫ БАЛА БАКЧА КУРУЛУП ЖАТАТ.

Тон районунун Ак-Өлөң айылына 100 орундуу бала бакча курулуп жатат. Курулуш толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан каржыланууда. Жалпы тендерлик баасы 43 миллион сомду түздү. Имараттын курулушу 2020-жылы башталган.Учурда экинчи кабатынын пайдубалы көтөрүлүп калды. Бала бакча бардык коопсуздук талаптарын сактоо менен фондтун техникалык адистеринин тыкыр көзөмөлүндө салынууда. Балдар үчүн бардык заманбап шарттар түзүлмөкчү. Буга чейин Ак-Өлөндө балдар бакчасы болбогондуктан, жаны имараттын курулушу менен бул көйгөй чечилмекчи.
__________________________________________________

В АК-ОЛОНЕ СТРОИТСЯ НОВЫЙ ДЕТСКИЙ САД.

В селе Ак-Олон Тонского района строится детский сад на 100 мест. Строительство полностью финансируется из фонда развития Иссык-Кульской области. Общая тендерная стоимость составила 43 миллиона сомов. Строительство здания началось в 2020 году. В настоящее время подняты стены второго этажа. Детский сад строится с соблюдением всех требований безопасности и под пристальным контролем технических специалистов фонда. Для детей будут созданы все необходимые условия. Так как в Ак-Олене раньше не было детского сада, эта проблема будет решена со строительством нового здания.


Печать