Previous Next

БАЙКООЧУ КЕНЕШТИН ОТУРУМУ ӨТТҮ.

БАЙКООЧУ КЕНЕШТИН ОТУРУМУ ӨТТҮ.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун байкоочу кенешинин 2022-жылга карата биринчи отуруму өттү. Отурумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев, Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунун директору Самат Медеров, Байкоочу кенештин мүчөлөрү жана район, шаарлардын жетекчилеринин биринчи орун басарлары катышты. Жыйында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын 2021-жылда аткарган жумуштары боюнча маалымат берилип, фондтун ишмердүүлүгү, бекитилген пландын аткарылышы, өткөрүлгөн тендерлер, курулуп жаткан жана ишке берилген курулуш объектилери талкууланды. Ошондой эле, 2022-жылга карата район жана шаарлардан келип түшкөн сунуштардын негизинде жылдык план бекитилди. Фондтун директору Самат Медеров курулуп жаткан объектилердин сапатына жана коопсуздугуна тыкыр көнүл бөлүп, курулуш компаниялардын өкүлдөрүнө келишимдеги милдеттерин так аткаруу талаптары коюлгандыгын баса белгиледи. Ошондой эле, фонд тарабынан бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу зарыл экендигин кошумчалады. Быйыл бөлүнгөн каражаттын басымдуу бөлүгү киреше алып келүүчү долбоорлорду колдоого, өндүрүш, женил өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө жумшаларын директор айтып өттү.

Previous Next

ЖАНЫ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ.

ЖАНЫ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ.
Түп районунун Ак-Булак айылында 100 орунду кийим тигүү фабрикасы ачылып, ишке кирди. Тигүү фабрикасын ачууга Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу 10 млн. сом каржылоо бөлгөн. Ачылышка Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, "Кумтөр" ишканасынын тыштан башкаруучу директору Тенгиз Бөлтүрүк, район жетекчилиги, жергиликтүү жетекчилер жана айыл тургундары катышты. Бул тигүү цехи "Салкын" ЖЧКнын Ысык-Көл облусундагы экинчи филиалы. Жакынкы күндөрү Каракол шаарына 200 орундуу дагы бир филиалы ачылмакчы.
_______________________________________________________________________
ОТКРЫЛСЯ НОВЫЙ ШВЕЙНЫЙ ЦЕХ.
В селе Ак-Булак Тюпского района открылся швейная фабрика на 100 мест. Фонд развития Иссык-Кульской области выделил 10 миллионов сомов на открытие швейной фабрики. В церемонии открытия приняли участие Полномочный представитель Президента КР в Иссык-Кульской области Мирбек Кожоев, внешний управляющий Кумтора Тенгиз Болтурук, представители местной власти и жители села. Данный швейный цех является вторым филиалом ОсОО «Салкын» в Иссык-Кульской области. В ближайшие дни откроется еще один филиал на 200 мест в городе Каракол.

Previous Next

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУНУН КОЛДООСУ МЕНЕН ТҮПТҮК ИШКЕР УНАА ОНДООЧУ ЖАЙЫН АЧТЫ.

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУНУН КОЛДООСУ МЕНЕН ТҮПТҮК ИШКЕР УНАА ОНДООЧУ ЖАЙЫН АЧТЫ.
Түп айылынын тургуну Суван Мамытов Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна “ Унаа ондоочу жайын куруу жана жабдыктарын сатып алууга” долбоор жазып кайрылган. Фонддун байкоочу кенеши долбоорду колдоого алып 1 млн. сом каражат бөлүү чечимин чыгарган. Учурда унаа ондоочу жайы толук кандуу иштеп жатат. Анда 5 адам эмгектенет.
_______________________________________________________________________
ПРИ ПОДДЕРЖКЕ ФОНДА РАЗВИТИЯ ИССЫК-КУЛЬСКОЙ ОБЛАСТИ ЖИТЕЛЬ ТЮПА ОТКРЫЛ АВТОСЕРВИС.
Суван Мамытов, житель села Тюп, обратился в Фонд развития Иссык-Кульской области с проектом «Строительство автомастерской и приобретение оборудования». Наблюдательный совет Фонда поддержал проект и было выделено 1 млн. сом. В настоящее время автомастерская работает в полную силу. В ней работает 5 человек.

Previous Next

ТОНДО ЖАНЫ АКТОВЫЙ ЗАЛ КОЛДОНУУГА БЕРИЛДИ.

ТОНДО ЖАНЫ АКТОВЫЙ ЗАЛ КОЛДОНУУГА БЕРИЛДИ.
Тон районунун Шор-Булак айылынын орто мектебине жаны актовый зал курулуп, колдонууга берилди. Жаны имараттын жалпы сметалык баасы 5 млн. 619 мин сомду түздү. Каражат толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан каржыланды. Курулуш 2021-жылдын март айында башталып, 2022-жылы аяктады.
_____________________________________________________________________
В ТОНЕ ОТКРЫЛСЯ НОВЫЙ АКТОВЫЙ ЗАЛ.
В селе Шор-Булак Тонского района построен и сдан в эксплуатацию новый актовый зал для средней школы. Общая сметная стоимость постройки составляет 5 миллионов 619 тысяч сомов. Средства были полностью профинансированы Фондом развития Иссык-Кульской области. Строительство началось в марте 2021 года и было завершено в 2022 году.