ЖАНЫ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ.
Түп районунун Ак-Булак айылында 100 орунду кийим тигүү фабрикасы ачылып, ишке кирди. Тигүү фабрикасын ачууга Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу 10 млн. сом каржылоо бөлгөн. Ачылышка Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, "Кумтөр" ишканасынын тыштан башкаруучу директору Тенгиз Бөлтүрүк, район жетекчилиги, жергиликтүү жетекчилер жана айыл тургундары катышты. Бул тигүү цехи "Салкын" ЖЧКнын Ысык-Көл облусундагы экинчи филиалы. Жакынкы күндөрү Каракол шаарына 200 орундуу дагы бир филиалы ачылмакчы.
_______________________________________________________________________
ОТКРЫЛСЯ НОВЫЙ ШВЕЙНЫЙ ЦЕХ.
В селе Ак-Булак Тюпского района открылся швейная фабрика на 100 мест. Фонд развития Иссык-Кульской области выделил 10 миллионов сомов на открытие швейной фабрики. В церемонии открытия приняли участие Полномочный представитель Президента КР в Иссык-Кульской области Мирбек Кожоев, внешний управляющий Кумтора Тенгиз Болтурук, представители местной власти и жители села. Данный швейный цех является вторым филиалом ОсОО «Салкын» в Иссык-Кульской области. В ближайшие дни откроется еще один филиал на 200 мест в городе Каракол.