Previous Next

АЙЫЛ-ЧАРБА БАГЫТЫНДАГЫ ДОЛБООРГО КОЛДОО КӨРСӨТҮЛДҮ.

АЙЫЛ-ЧАРБА БАГЫТЫНДАГЫ ДОЛБООРГО КОЛДОО КӨРСӨТҮЛДҮ.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылынын тургуну Болотбек Ахметовдун уяң жүндүү ак койлорду көбөйтүү боюнча долбоорун колдоого алып 2021-жылы 1 млн.500 мин сом пайызсыз насыя берген. Бул каражатка ишкер 140 баш меринос пародасындагы койлорду сатып алган. Ахметовдун айтымында меринос породасынын жүнү сапаттуу болгондуктан койдун бул түрүн көбөйтсө, малчылар жакшы киреше табышат. Ошондой эле бул пародадагы койлордун этин да иштетип киреше тапса болот. Бирок ошол эле учурда ак койлорду багууда айрым өзгөчөлүктөр жана кыйынчылыктар бар экенин баса белгилери. Мисалга ак жүндүү койлор кара жүндүү койлорго салыштырмалуу суукка чыдамдуу эмес. Үшүтпөгөнгө аракет кылып, салмагын бир калыпта кармоо зарыл. Себеби, бул нерселер түздөн түз койдун жүнүнүн сапатына таасир берет. Ишкер быйыл жаз мезгили менен биринчи төл алганга даярданып жатканын билдирди. Ошондой эле, мал менен алек болгон ишкерлер асыл тукум малдардын санын көбөйтүп, сандан сапатка өтсөк деген жакшы ой-тилектери менен бөлүштү.

ПОДДЕРЖКА СЕЛЬСКОХОЗЯЙСТВЕННОГО ПРОЕКТА.
В 2021 году Фонд развития Иссык-Кульской области предоставил беспроцентный кредит в размере 1 млн 500 тысяч сомов жителю села Бору-Баш Ак-Суйского района Болотбека Ахметова для поддержки проекта по увеличению поголовья тонкорудных овец. На эти деньги предприниматель купил 140 голов овец породы меринос. По словам Ахметова, если овцеводы будут заниматься разведением этого вида овец то смогут получать хороший доход. Это связано высоким качеством мериносовой шерсти и большим спросом на рынке. Также можно зарабатывать на переработке мяса этой породы. Но в то же время он отметил на некоторые особенности и трудности в разведении белых овец. Например, белые овцы менее устойчивы к холоду, чем черноволосые. Нужно стараться избегать сырости и держать вес . Так как это напрямую влияют на качество овечьей шерсти. Также он заявил, что животноводческие предприниматели должны переходит увеличению поголовья породистых видов животных, то есть от количества к качеству.

 

Previous Next

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУ ИШКЕРЛЕРДИ КОЛДООНУ УЛАНТУУДА.

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУ ИШКЕРЛЕРДИ КОЛДООНУ УЛАНТУУДА.
Каракол шаарынын тургуну, ишкер Рахат Исакова 2021-жылы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан 1 млн. 100 мин сом пайызсыз насыя алган. Бул каражатка ишкер айым темир тор жасаган ишканасын кенейтип, керектүү шаймандарды жана жабдыктарды сатып алган. Ишканада жалпысынан 4-6 кызматкер иштейт. Алардын эмгек акысы орто эсеп менен жумасына 10 минден 15 мин сомго чейин жетет. Бүгүнкү күндө жалпы облус боюнча темир торлорду токуган 3-4 гана ишкана бар.
______________________________________________________________________
ФОНД РАЗВИТИЯ ИССЫК-КУЛЬСКОЙ ОБЛАСТИ ПРОДОЛЖАЕТ ПОДДЕРЖИВАТЬ ПРЕДПРИНИМАТЕЛЕЙ ОБЛАСТИ.
Предпринимательница из Каракола Рахат Исакова в 2021 году получила беспроцентный кредит в размере 1 млн. 100 тысяч сомов от Фонда развития Иссык-Кульской области. На эти деньги она расширила свой цех по производству сетки мак и сетки рабица. Также приобрела необходимые оборудования и материалы. Всего в цеху работают от 4-6 сотрудников. В сезон их средняя заработная плата составляет от 10 000 до 15 000 сомов в неделю. На сегодня по области имеется всего 3-4 предприятия по плетению железных сетей.

Previous Next

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУ КОЛДОГОН КИРЕШЕ АЛЫП КЕЛҮҮЧҮ ДОЛБООРЛОР

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУ КОЛДОГОН КИРЕШЕ АЛЫП КЕЛҮҮЧҮ ДОЛБООРЛОР
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду 2021-жылы киреше алып келүүчү долбоорлорго жалпысынан 379 млн. 800мин сом каржылады. 2021-жылга карата 143 киреше алып келүүчү долбоор каржыланды. Анын ичинен 10 долбоор жеңил өнөр жай тармагын түзөт. 2021-жылы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан жеңил өнөр жай тармагына, башкача айтканда, тигүү цехтерин ачууга 185 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү. Бул болжол менен 1800 ашуун жумушчу орунду түздү. Учурда облуста 5 ири тигүү цехи толук кандуу иштеп жатат. Жакынкы арада Ак-Булак айылына «Салкын» ЖЧКсынын 120 орундуу тигүү цехинин филиалын ачуу пландалууда. Каржылоонун көлөмү 10 млн. сомду түздү. Ошондой эле, Каракол шаарына дагы 200 орундуу тигүү цехинин ачылышы күтүлүүдө. Каржылоонун көлөмү 30 млн.сомду түздү. Мындан тышкары айыл чарба багытында көптөгөн долбоорлор колдоого алынып, айыл жергесиндеги тургундарды 1000-1200 иш орду менен камсыздаганга жетиштик.
Тармактарга бөлүнүшү төмөндөгүдөй:
Мал чарба (сүт, эт, тери, жүн) 45 долбоор
Багбанчылык 3 долбоор
Балык чарба 4 долбоор
Нан бышыруучу жана кондитердик цехи 6 долбоор
Туризм 2 долбоор
Тигүү цехи 10 долбоор
Темир бетон цехи 4 долбоор
Азык-түлүк логистикалык борбору 1 долбоор
Мончо 1 долбоор
Бизнес борбору 3 долбоор
Ичүүчү суу чыгаруу цехи 2 долбоор
Балдар бакчасын уюштурууга 2 долбоор
Бал челек 5 долбоор
ТТС 1 долбоор
Жүк ташуучу техника 2 долбоор
Ширетүүчү, жыгач иштетүүчү цехи 1 долбоор
Күнөскана 3 долбоор
Кирпич чыгаруучу завод 1 долбоор
Жыгач усталык, пластик чыгаруучу цех 2 долбоор
Эко-Блок 1 долбоор
СИП панель 3 долбоор
Тиш клиникасын кенейтүү жана техникалыкжабдууларды сатып алуу 1 долбоор
Чакан цехтерди иштетүү 1 долбоор
Айыл чарба техникасын сатып алууга 4 долбоор
Сок чыгаруу 1 долбоор

Previous Next

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУ СПОРТ ТАРМАГЫНА КОШКОН САЛЫМЫ.

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУ СПОРТ ТАРМАГЫНА КОШКОН САЛЫМЫ.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу 2021-жылга спорт тармагына жалпысынан 44 млн.сом каражат бөлгөн. Бул каражатка төмөндөгү жумуштар жасалды. Түп районунун Талды-Суу (сметалык баасы 13 млн. 441) жана Арал айылдарында (сметалык баасы 11 млн. 743 ) заманбап спорт залдардын курулушу аяктап, колдонууга берилди. Тоң районунун Доң-Талаа (сметалык баасы 14 млн. сом) айылында, Ысык-Көл районунун Тамчы (сметалык баасы 13 млн. сом) айылындагы спортзалдардын курулуш иштери аяктоо алдында турат. Ошондой эле, Түп районунун Күрмөнтү (сметалык баасы 21 млн. 306,0 миң сом) жана Кең-Суу (сметалык баасы 18 млн. 619,5 миң сом) айылдарындагы спортзалдардын курулушу улантылууда. Мындан тышкары кичи футбол аянтчалары Ак-Суу районунун Үч-Кайнар (сметалык баасы 3 млн. 514,9 миң сом), Боз-Булуң (сметалык баасы 2 млн. 637,0 миң сом), Бөрү-Баш (сметалык баасы 2 млн. 392,6 миң сом), Чолпон (сметалык баасы 1 млн. 500,0 миң сом), Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр (сметалык баасы 3 млн. 181,1 миң сом), Григорьевка (сметалык баасы 3 млн. 302,6 миң сом) жана Ананьево (сметалык баасы 2 млн. 589,6 миң сом) айылдарында бүткөрүлүп берилди. Жон-Булак айылындагы кичи футбол аянтчанын (сметалык баасы 2 млн. 851,0 миң сом) курулушу аяктоо алдында турат. Ал эми Чолпон-Ата шаарында (сметалык баасы аныкталууда) жаңы кичи футбол аятнчанын курулушу пландалууда. Мындан тышкары, спорттук иш чараларга ар бир райондордун спортчуларын колдоо максатында жалпысынан 4 млн. 900 мин сом акча каражаттары бөлүнүп берилди.
_______________________________________________________________________
ВКЛАД ФОНДА РАЗВИТИЯ ИССЫК-КУЛЬСКОЙ ОБЛАСТИ В СФЕРУ СПОРТА.
Всего в 2021 году Фонд развития Иссык-Куля выделил в сферу спорта 44 миллиона сомов. На эти средства по области была проделана следующая работа. Завершено и сдано в эксплуатацию строительство современных спортивных залов в селах Талды-Суу (сметная стоимость 13 млн 441) и Арал (сметная стоимость 11 млн 743) Тюпского района. Завершается строительство спортзалов в селе Дон-Талаа (сметная стоимость 14 млн сомов) Тонского района и в селе Тамчы (сметная стоимость 13 млн сомов) Иссык-Кульского района. Продолжается строительство спортивных залов в селах Курменты (сметная стоимость 21 млн 306,0 тыс. сомов) и Кен-Суу (сметная стоимость 18 млн 619,5 тыс. сомов) Тюпского района. Кроме того, сданы в эксплуатацию мини-футбольные поля в селе Уч-Кайнар, Ак-Суйскоого района (сметная стоимость 3 млн 514,9 тыс. сомов), Боз-Булун (сметная стоимость 2 млн 637,0 тыс. сомов), Бору-Баш (сметная стоимость 2 млн. сомов) Чолпон (сметная стоимость 1 млн. 500,0 миң сом), Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр (сметная стоимость 3 млн. 181,1 миң сом), Григорьевка (сметная стоимость 3 млн. 302,6 миң сом) и Ананьево (сметная стоимость 2 млн. 589,6 тыс. сомов). Завершается строительство мини-футбольного поля в поселке Джон-Булак (сметная стоимость 2 млн 851,0 тыс. сомов). В Чолпон-Ате планируется построить новое мини футбольное поле (сметная стоимость уточняется). Кроме того, на проведение спортивных мероприятий и для поддержки спортсменов из каждого района было выделено в общей сложности 4 миллиона 900 тысяч сомов.