БАЛЫКЧЫДА ЧАКАН ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ.
Балыкчы шаарынын тургуну А.Алиева тигүү цехин ачуу максатында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна долбоор жазып кайрылган. Долбоор Байкоочу кенеш тарабынан жактырылып 3 млн. 200 мин сом пайызсыз насыя бөлүнүп берилген. Бул каражатка ишкер тигүүчү машинкаларды жана башка керектөөчү жабдыктарды сатып алган. Учурда тигүү цехинде 20-25 кыз-келиндер иштөөдө. Ишкер айым келечекте мындан да көп жумуш ордун түзүп, ишканасын кенейтүү ниети бар экендигин кошумчалады.
__________________________________________________
В БАЛЫКЧЫ ОТКРЫЛСЯ НЕ БОЛЬШОЙ ШВЕЙНЫЙ ЦЕХ.
Жительница Балыкчи А.Алиева обратилась в Фонд развития Иссык-Кульской области с проектом по открытию швейного цеха. Проект был одобрен Наблюдательным советом Фонда и выдан беспроцентный кредит в размере 3 млн.200 тысяч сомов. На эти деньги предприниматель купил швейные машинки и другие необходимые оборудования. В настоящее время в швейном цеху работают 20-25 женщин. Также она отметила, что в будущем намерена создать больше рабочих мест и расширить цех.
Урматтуу мекендештер! Урматтуу Ысык-Көл облусунун тургундары жана коноктору! Сиздерди эң байыркы майрам, Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Байыркы күндөн Нооруз - тирүүчүлүктүн, жаратылыштын жаңылануусунун жана жакшы тилектердин майрамы. Байыркы бабаларыбыз 21-мартта күн менен түн теңелип, жыл тогошконун баамдап, Жаратканга, Тирүүлүккө, Жашоого таазим эткен. Жер айдап, үрөн сээп, келечекке, жакшылыкка умтулган. Араздашууларын токтотуп, таарынычтарын кечирген. Дасторкон жайып, жаркын маанай менен жакындарына, досторуна жана коңшуларына жакшы тилектерин, каалоолорун билдирген. Нооруз майрамы бизге дем берип, жакшы тилектерибиз, асыл максаттарыбыз ишке ашсын. Жараткан эгемендүү Кыргызстан элин колдосун, жолубузду ачсын. Элибизге ынтымак жана биримдик, мамлекетибизге молчулук жана береке тартууласын! Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясы.