Previous Next

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ИШЕМБИЛИКЕ КАТЫШТЫ.

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ИШЕМБИЛИКЕ КАТЫШТЫ.

2024-жылдын 20-апрелинде Республика боюнча “Улуттук тазалык күнү” акциясынын негизинде өткөрүлгөн жалпы ишембилике Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун кызматкерлери активдүү катышышты. Ишембилик Каракол шаарынын сейил парктарында өттү. Ишембиликтин максаты шаардын тазалыгын сактап, санитардык абалын жакшыртып ошондой эле жашылдандырууга багытталды. Жаз мезгили келгенден тарта, айлана- чөйрөнү ирээтке келтирип, суу өтүүчү арыктарды тазалап, жарандар өздөрү жашаган аймакты тазалап жөнгө салуусу абзел. Ал эми демилгечилер тарабынан алдыда келе жаткан туристик сезонго карата дагы өлкөнүн баардык аймактарында бул иш чаралар уланаары билгилүү болду. Андыктан жаз аяктаганга чейин аталган иш чара ар апта сайын жүргүзүлмөкчү.


Печать