Previous Next

КЫЗЫЛ КИРПИЧ ЧЫГАРУУЧУ ЗАВОД КУРУЛУУДА.

КЫЗЫЛ КИРПИЧ ЧЫГАРУУЧУ ЗАВОД КУРУЛУУДА.
Түп районунун Күрмөнтү айылынын тургуну Т.Абдраев кызыл кирпич чыгаруучу чакан завод курууда. Ал 2022-жылы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна долбоор менен кайрылып 7 млн 500 мин сом пайызсыз насыя алган. Алган каражатын кирпич өндүргөн ишкана ачууга жумшап, тийиштүү жабдыктарды жана техника сатып алган. Учурда ишканада 10 кызматкер иштейт. Ал эми завод толук кандуу ишке киргенде кызматкерлердин саны көбөймөкчү. Ишкердин айтымында Ысык-Көл облусунда кирпич өндүргөн ишканалар жокко эсе. Андыктан суроо-талап жогору болуп, курулушчулар борбор калаадан ташып келүүгө аргасыз болууда. Жаны ишкананын ишке кириши менен сапаттуу жана баасы салыштырмалуу арзан болгон кирпичтер чыгарыла баштарын ишкер кошумчалады.


Печать