Previous Next

БАЙКООЧУ КЕНЕШТИН ОТУРУМУ ӨТТҮ.

БАЙКООЧУ КЕНЕШТИН ОТУРУМУ ӨТТҮ.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун байкоочу кенешинин 2022-жылга карата биринчи отуруму өттү. Отурумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев, Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунун директору Самат Медеров, Байкоочу кенештин мүчөлөрү жана район, шаарлардын жетекчилеринин биринчи орун басарлары катышты. Жыйында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын 2021-жылда аткарган жумуштары боюнча маалымат берилип, фондтун ишмердүүлүгү, бекитилген пландын аткарылышы, өткөрүлгөн тендерлер, курулуп жаткан жана ишке берилген курулуш объектилери талкууланды. Ошондой эле, 2022-жылга карата район жана шаарлардан келип түшкөн сунуштардын негизинде жылдык план бекитилди. Фондтун директору Самат Медеров курулуп жаткан объектилердин сапатына жана коопсуздугуна тыкыр көнүл бөлүп, курулуш компаниялардын өкүлдөрүнө келишимдеги милдеттерин так аткаруу талаптары коюлгандыгын баса белгиледи. Ошондой эле, фонд тарабынан бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу зарыл экендигин кошумчалады. Быйыл бөлүнгөн каражаттын басымдуу бөлүгү киреше алып келүүчү долбоорлорду колдоого, өндүрүш, женил өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө жумшаларын директор айтып өттү.


Печать