Previous Next

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУ 2021-ЖЫЛГА КАРАТА САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО ТАРМАГЫНА КОШКОН САЛЫМЫ.

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУ 2021-ЖЫЛГА КАРАТА САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО ТАРМАГЫНА КОШКОН САЛЫМЫ.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу 2021-жылы саламаттыкты сактоо тармагына жалпысынан 85 млн 897 мин сом каражат бөлдү. Жыл ичинде райондор жана шаарлар боюнча төмөндөгүдөй жумуштар жасалды. Жети-Өгүз району боюнча Барскоон айылындагы оорукананы оңдоого 550 мин сом бөлүндү. Дархан айылында 11 млн. 665 мин сомго үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаны имаратынын курулушу бүткөрүлдү. Тон району боюнча Ала-Баш айылына сметалык баасы 14 млн. сомдук ФАПтын курулушу жакынкы күндөрү башталмакчы. Кызыл-Туу айылындагы ФАПты оңдоого 309 000 сом бөлүндү. СЭСке лабороториялык жабдыктарды сатып алууга 110 000 сом бөлүндү. Балыкчы шаарынын ооруканасынын прозектура бөлүмүн оңдоого 2 млн. 471 мин сом бөлүндү. Балыкчы шаарынын шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратын оңдоого 2 млн. 637 мин сом бөлүндү. Орто-Токой айылындагы ФАПты оңдоого 150 000 сом бөлүндү. Түп району боюнча Михайловка айылындагы "Келечек Сары-Көл" реабилитациялык борборунун имаратынын чатырын алмаштырууга 377 000 сом бөлүндү. Жылуу-Булак айылындагы ФАПты капиталдык оңдоого 1 млн. 152 мин сом бөлүндү. Түп райондук ооруканасынын административдик имаратынын чатырын оңдоого 1 млн. 090 мин сом бөлүндү. Ошондой эле жалпы облус боюнча Ысык-Көл облусундагы карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын борборуна лабороториялык эмеректерди алууга 300 мин сом бөлүндү. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын инфекциялык оорулар бөлүмүнүн тышкы келбетин оңдоого 1 млн. 600 мин сом. Облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 2-3- кабаттарын толугу менен ондоп түзөөгө 6 млн. сом бөлүндү. Ысык-Көл облусундагы карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу ооруларды алдын алуу борборуна коронавирус илдетине каршы ИФА анализ жасоого лабораториялык эмеректерди алууга 180 мин сом бөлүндү.


Печать