БАЛЫКЧЫДАГЫ МАДАНИЯТ ҮЙҮНҮН ОНДОО ИШТЕРИ БҮТКӨРҮЛДҮ.
Балыкчы шаарындагы маданият үйүнүн ондоп-түзөө иштери аяктады. Ондоо иштерине Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу 4 млн. 780 мин сом бөлгөн. Бул каражатка имараттын сырткы жана ички келбети, кийинүүчү жана иш бөлмөлөрү, ички дааратканасы жасалды. Ошондой эле, отургучтары толугу менен жаныртылып, суу түтүктөрү тартылып келинди. Маданият үйүнүн имараты 1968-жылы курулган. Курулгандан тарта бул имаратта толук кандуу ондоп-түзөө иштери биринчи жолу жүргүзүлдү. Буга чейин жарым-жартылай ондоо иштери гана болуп келген.
ЗАВЕРШЕНЫ РЕМОНТНЫЕ РАБОТЫ ДОМА КУЛЬТУРЫ В БАЛЫКЧЫ.
Завершился ремонт дома культуры в городе Балыкчи. Фонд развития Иссык-Кульской области выделил на ремонт 4 миллиона 780 тысяч сомов. На эти средства сделали наружную и внутреннюю отделку здания, ремонт гримерной комнаты, рабочих кабинетов и внутренние туалеты. Также были полностью обновлены сиденья и протянуты водопроводные трубы. Здание дома культуры было построено в 1968 году. Впервые с момента постройки в здании был произведен капитальный ремонт. До этого проводились лишь частичные ремонтные работы.