Previous Next

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА КУТТУКТОО.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА КУТТУКТОО.
Бүгүн 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 32 жыл мурун, тагыраак айтканда 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз-тили мамлекеттик тил деген статуска ээ болуп, ошондон бери бул күн өлкөбүздө тил майрамы катары белгиленип келет. Урматтуу Мекендештер бүгүнкү «Улуу майрам» менен чын дилимден куттуктап кетмекчимин! Улуу майрам деп айтууга толук негиз бар. Анткени ар бир улуттун өзүнүн ыйык өзгөчөлүктөрү болот. Алардын эң башкысы бул –тили. Бүгүн тилин жоготкон эл, эртең элдүүлүгүн жоготот. Элдүүлүгүн жоготкон элде эч качан мамлекеттүүлүк деген түшүнүк болбойт. Тилибизди көздүн карегиндей сактап, улам байытып, өнүктүрүп өстүрүүгө ар бир кыргыз атуулун чакырам! Жана келечек муунга кичинесинен эне тилибизге болгон сүйүүнү арттырып, баалап-барктоого чакыруу биздин милдет экенин дагы бир жолу белгилейм!


Печать