ЖАНЫ ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ КОЛДОНУУГА БЕРИЛДИ.
Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылында жаны кичи футбол аянтчасынын курулуш иштери аяктап, колдонууга берилди. Курулуш 2021-жылдын июнь айында башталып, август айында бүткөрүлдү. Жалпы тендерлик баасы 2 млн.637 мин сомду түздү. Анын 2 млн. сому Ысык-Көл облусун өнүктүрүу фондусунан каржыланды. Кичи футбол аятнчанын ачылышына Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев, Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунун директору Самат Медеров жана жергиликтүү тургундар катышышты.
ОТКРЫЛСЯ НОВОЕ ФУТБОЛЬНОЕ ПОЛЕ.
Завершено строительство нового мини-футбольного поля в селе Уч-Кайнар Ак-Сууйского района и сдано в эксплуатацию. Строительство началось в июне 2021 года и было завершено в августе. Общая тендерная стоимость составила 2 миллиона 637 тысяч сомов. Из них 2 миллиона сомов было профинансировано Фондом развития Иссык-Кульской области. В церемонии открытия приняли участие первый заместитель полномочного представителя Президента Кыргызской Республики в Иссык-Кульской области Улан Далиев, директор Фонда развития Иссык-Кульской области Самат Медеров и местные жители.