Previous Next

БОЗ БЕШИКТЕ ЖАНЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ.

БОЗ БЕШИКТЕ ЖАНЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ.
Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылындагы эски маданият үйүн бала бакча кылып реконструкциялоо иштери аяктап, колдонууга берилди. Курулуш толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан каржыланды. Жалпы тендерлик баасы 14​ 287​ 443 сомду түздү. Ошондой эле 973​ 800 сомго эмеректер жана керектүү жабдуулар ​ сатылып алынды. ​ Бала бакчада бардык тийиштүү шарттар каралган жана ​ коопсуздук талаптарына ​ толугу менен жооп берет. Буга чейин Боз-Бешик ​ айылында бала бакча жок болгондуктан, балдар коншу айылдардагы бакчаларга барышчу. Жаны бакчанын салынышы менен бул көйгөй чечилип, балдардын тарбияланышына мыкты шарттар​ түзүлдү. Мектепке чийинки билим берүү мекеменин ачылышын чыдамсыздык менен күткөн айылдыктар үчүн бүгүн кош майрам болууда.

Печать