КАРАКОЛДОГУ ТАРЫХЫЙ ИМАРАТ ОНДООДОН ӨТТҮ.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун колдоосу менен Каракол шаарындагы тарыхый имарат капиталдык ондоп-түзөөдөн өттү. Учурдагы педагогикалык колледждин ички, сырткы жана чатырын ондоого фонд жалпысынан 5 900 000 мин сом каражат бөлгөн. Имарат болжол менен 1880-жылдардын башында курулган андыктан курулушчуларга тарыхый имаратты ондоп-түзөө иштеринде баштапкы келбетин өзгөртпөө тапшырмасы коюлган. Учурунда аталган имаратта кыргыз интеллигенциясынын көрүнүктүү инсандары тарбия алышкан. Андыктан бул имараттын тарыхый баалуулугу өтө чон мааниге ээ. Азыркы күндө бул жай педогогикалык колледж катары келечектеги агартуучуларды тарбиялоодо. Бүгүнкү күндө имаратты ондоп-түзөө иштери толугу менен аяктап, колдонууга берилди.