БОЗ БЕШИКТЕ ЖАНЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ.
Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылындагы эски маданият үйүн бала бакча кылып реконструкциялоо иштери аяктап, колдонууга берилди. Курулуш толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан каржыланды. Жалпы тендерлик баасы 14 287 443 сомду түздү. Ошондой эле 973 800 сомго эмеректер жана керектүү жабдуулар сатылып алынды. Бала бакчада бардык тийиштүү шарттар каралган жана коопсуздук талаптарына толугу менен жооп берет. Буга чейин Боз-Бешик айылында бала бакча жок болгондуктан, балдар коншу айылдардагы бакчаларга барышчу. Жаны бакчанын салынышы менен бул көйгөй чечилип, балдардын тарбияланышына мыкты шарттар түзүлдү. Мектепке чийинки билим берүү мекеменин ачылышын чыдамсыздык менен күткөн айылдыктар үчүн бүгүн кош майрам болууда.