Previous Next

ЫСЫК-КӨЛ ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУНУН ЖАРДАМЫ МЕНЕН КАРАКОЛГО 250 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ.

Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун жардамы менен Караколго 250 орундуу тигүү цехи ачылды.


Бүгүн, 18- октябрь күнү Каракол шаарында ОсОО " Салкын " Ысык-Көл филиалынын ачылышы болду.
Ачылуу аземине КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев,Ысык-Көл өнүктүрүү фондусун башкаруу боюнча дирекциясынын директору Самат Медеров, Каракол шаарынын мэри Эрмат Джумаев катышты.
Цехти ачууга Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан 30 млн сом 5 жылга пайызсыз берилди.
"Фонд азыр киреше алып келүүчү, жумуш ордун түзүүчү долбоорлорду каржылоодо. Максатыбыз жер жерлерде иш орундарын түзүү. Эгер тургундарыбыз жеринде иш орундары менен камсыздалса, чет жерден жумуш издеп кетүү өңдүү көптөгөн көйгөйлөр чечилет"- дейт Ысык-Көл өнүктүрүү фондусун башкаруу боюнча дирекциясынын директору Самат Медеров.
Маалым болгондой 2021-жылы фонддун колдоосунда облуста бул өңдүү 12 тигүү цехтери ачылып, 1200 жумуш орундары түзүлгөн.
Караколдогу бул тигүү цехинде 250 адам иш менен камсыз болот. Алардын басымдуусун өздөрү окутуп, кесипке үйрөтүп алышкан.
"Ар бир жумушчу менен эмгек келишими түзүлөт. Жумушчуларга баардык шарттарды түзгөнгө аракет кылып жатабыз. Эки маал ысык тамак берилет. Ошондой эле жаңы келген кыз келиндерди атайы окутуп, даярдап алабыз. Эмгек акылары айына 15 миң сомдон 50 миң сомго чейин алашыт. Келечекте дагы 500-1000 орундуу ишканаларды ачууга мүмкүнчүлүктөр бар"- дейт ишкана жетекчиси Адилет Койчубеков.
Белгилей кетсек, бул филиалдан чыккан продукциялар Россия, Казакстан, Белоруссия өлкөлөрүнө экпортко жөнөтүлөт.


Печать