“КАРАКОЛ” МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАТАЛЫШ ПАРКЫНДА КӨЧӨТ ОТУРГУЗУУ АКЦИЯСЫ.
2022-жыл “Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын” алкагында жана “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн аткаруу максатында “Каракол” мамлекеттик жаратылыш паркында көчөт отургузуу иш-чарасы болуп өттү. Ага Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун кызматкерлери катышып, карагай көчөттөрүн отургузушту. Жалпысынан 200 ашуун облустук мекеменин кызматкерлери катышып, 7000 көчөт отургузулду.