Home
САДЫР-АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНА ЖАНЫ ТЕХНИКА ТАПШЫРЫЛДЫ.
ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУН БАШКАРУУ БОЮНЧА ДИРЕКЦИЯСЫНЫН 2024-ЖЫЛДЫН ЯНВАРЬ-СЕНТЯБРЬ АЙЛАРЫНА КАРАТА АТКАРЫЛАГАН ИШТЕРИ БОЮНЧА МААЛЫМАТ.
Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын 2024-жылдын январь-сентябрь айларына карата аткарылган иштери боюнча маалымат.
2024-жылдын январь-сентябрь айлары аралыгында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясы тарабынан төмөндөгүдөй пландалган жумуштар аткарылган.
2023-жылдын планынан калдык катары 24,0 млн.сом калган. Ал эми 2024-жылга карата “Кумтөр Голд Компани” тарабынан берилген болжолдуу сумма (прогноз) 634,5 млн. сомду түзүүдө. Мындан тышкары ар кандай төлөмдөрдөн (ссуда) 237,4 млн сом акча каражатын кошуп алганда 2024-жылга пландалуучу болжолдуу акча каражаты 895,9 млн сомду түзөт. Ал эми Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунун Байкоочу кеңеши тарабынан такталып бекитилген план 987,9 млн. сомду түздү. Бул жылдык болжолдуу суммадан 92,0 млн.сомго ашык бекитилгенинен кабар берет.
2024-жылдын январь-сентябрь айларына карата “Кумтөр Голд Компани” ишканасы тарабынан Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусуна 500,9 млн сом, киреше алып келүүчү долбоорлордон жана башка булактардан жалпысынан 178,3 млн. сом акча каражаты түшкөн. Жалпы пландан 652,9 млн.сом каржыланып, 9 айга алганда план 99,1 пайызга аткарылды. Белгилей кетүүчү жагдай Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун акча каражаттарынын 2024-жылга карата долбоорлорду каржылоо планы Байкоочу Кеңеш тарабынан 2024-жылдын июнь айында бекитилип, долбоорлорду каржылоо 2024-жылдын 2-кварталынын аягында башталган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы №298 токтому менен “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы №416 токтому менен бекитилген “Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндөгү” жобого өзгөртүүлөр киргизилип, Фондтун акчалай каражаттарын пайдалануунун тартибине эң негизгиси болуп “"Мамлекеттик ипотекалык компаниясы" ачык акционердик коомуна мөөнөттүүлүк жана кайтарымдуулук негизде финансылык каражаттарды берүү жолу менен Ысык-Көл облусунун жашоочуларын турак жай менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды тиешелүү финансылык келишим түзүү аркылуу каржылоо” боюнча өзгөртүүлөр киргизилген. 2024-жылдын I-жарым жылдыгында “Мамлекеттик ипотекалык компаниясына” финансылык макулдашуунун негизинде 400,0 млн. сом акча каражаты которулуп берилип, азыркы учурда Каракол шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жүрүүдө.
Ошондой эле Ысык-Көл облусунун райондук мамлекеттик администрацияларынын, Балыкчы, Каракол шаарларынын мэрияларынын сунуштарынын негизинде 44 долбоордун өздүк салымдарын каржылоого жалпы 98,6 млн. сомго келишимдер түзүлүп, 74,5 млн. сом акча каражаты каржыланды. Мындан тышкары кайтарымдуу финансылык жардам көрсөтүү боюнча 34 ишкерге долбоорлорунун экинчи траншы катары 39,75 млн. сом акча каражаты каржыланды.
Аткарылган курулуш иштердин натыйжасында, облус боюнча Чолпон-Ата шаарындагы калкты тейлөө борбору (сметалык баасы 13458,0 миң сом), Чон-Жаргылчак айылындагы кичи-футбол аянтчасы (сметалык баасы 4349,0 миң сом), Ала-Баш айылындагы фельшердик-акушердик пункт (сметалык баасы 14812,0 миң сом), Каркыра чек ара бөлүмүнө мончо (сметалык баасы 15847,0 миң сом), Кабак айылындагы спортзалы менен мектеп (сметалык баасы 59820,0,0 миң сом), Орто-Токой айылындагы кичи-футбол аянтчасы (сметалык баасы 3663,0 миң сом), Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы университетинин тышкы келбетин (фасад) оңдоо (сметалык баасы 7660,0 миң сом) курулуштары ишке ашырылып колдонууга берилди. Ал эми 2024-жылдын аягына чейин Жети-Өгүз районунун Кытай айылында мектептин курулушун (сметалык баасы 47236,8 миң сом), Ак-Өлөң айылында 100 орундуу балдар бакчасын (сметалык баасы 55035,5 миң сом), Тон районунун Коңур-Өлөң айылында бала бакчанын (сметалык баасы 27100,9 миң сом), Темир-Канат айылындагы клубдун (сметалык баасы 27100,9 миң сом), Дөң-Талаа айылындагы спорттук залдын (сметалык баасы 17923,6 миң сом) курулуш иштери бүткөрүлүп колдонууга берилиши пландалууда.