САДЫР-АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНА ЖАНЫ ТЕХНИКА ТАПШЫРЫЛДЫ.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу тарабынан Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагына суу ташуучу (водовоз) техникасы сатылып алынды. Атайын техниканын баасы 2 650 000 сомду түздү. Бул автотехника Садыр-Аке айыл аймагына караштуу “Таза суу” муниципалдык ишканасына тапшырылды. Жаны алынган техника “Таза суу” ишканасынын кызматкерлерин жумушун женилдетип, жергиликтүү тургундарды ичүүчү суу менен камсыздоого колдонулмакчы.