Previous Next

АЛАБАШ АЙЫЛЫНА ЖАНЫ ФАП КУРУЛДУ.

АЛАБАШ АЙЫЛЫНА ЖАНЫ ФАП КУРУЛДУ.
Тон районунун Алабаш айылына жаны фельдшер-акушердик пункт салынды. Курулуш толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланды.Жалпы тендерлик баасы 11 млн. сомду түздү. Бул каражатка имараттын курулушунан тышкары, сырткы даараткана, очоккана салынып, керектүү эмеректер алынган. Бүгүнкү күндө курулуш толугу менен аяктап, имарат колдонууга берилди. Фельдшердик-акушердик пунктунун жетекчисинин айтымында медиктер буга чейин эски имаратта иштеп келишкен. Ал жакта толук кандуу шарттар түзүлбөгөндүктөн бир топ кыйынчылыктар жаралып келген. Ал эми жаны имараттын салынышы менен бул көйгөйлөр чечилип, калкты сапаттуу медициналык тейлөөгө шарттар түзүлдү. Фельдшердик-акушердик пункта 1 кызматкер иштеп, 1300 ашуун жашоочуга кызмат көрсөтөт.

Печать