Previous Next

ЧОЛПОН-АТА ЖАНА БАЛЫКЧЫ ШААРЛАРЫНДА ЖАНЫ КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨ БОРБОРЛОРУ КОЛДОНУУГА БЕРИЛЕТ.

ЧОЛПОН-АТА ЖАНА БАЛЫКЧЫ ШААРЛАРЫНДА ЖАНЫ КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨ БОРБОРЛОРУ КОЛДОНУУГА БЕРИЛЕТ.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу тарабынан Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларына жаны заманбап калкты тейлөө борборлору курулду. Курулуш иштери 2022-жылдын күз айларында башталган. Обьектилердин жалпы буткорүлгөн суммалары Чолпон-Атадагы борбор 11 960 309 сом, ал эми Балыкчы шаарындагысы 6 953 100 сомду түздү. Учурда курулуштун дээрлик 95% бүтүп калды. Жакынкы күндөрү толугу менен колдонууга берилүү пландалууда. Буга чейин шаардык атайын калкты тейлөө борборунун имараты болгон эмес. Жаны имараттын берилиши менен калкты тейлөө сапаты жогорулап, ынгайлуу шарттар түзүлмөкчү.

Печать