Previous Next

Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу Ысык-Көл облусунун тургундары жана коноктору! Жалпыныздарды 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдык мааракеси менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциянын эмгек жааматынын атын

Новости Просмотров: 311

Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу Ысык-Көл облусунун тургундары жана коноктору! Жалпыныздарды 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдык мааракеси менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциянын эмгек жааматынын атынан чын дилибизден куттуктайбыз! Эгемендүүлүк майрамы өлкөнүн эң маанилүү, негизги майрамдарынын бири. Бул күн биздин эркиндигибиздин, өлкө катары өз алдынчалыгыбыздын, эл катары биримдигибиздин символу. Баарыбыз билгендей эле, эгемендүү жылдар өлкөбүз үчүн оңой болгон жок. 31 жыл ичинде Мекенибиз көптөгөн окуяларды башынан өткөрдү. Бирок кыйынчылыктарга карабастан өлкөбүз өнүгүп-өсүү жолунда бара жатат. Эгемендүүлүгүбүз бар үчүн, тилибиз, элибиз, маданиятыбыз, мекенибиз өнүгүп алдынкы өлкөлөрдөн болот деген ишенимибиз зор. Биз дагы өз кезегинде мамлекет үчүн чын ниетибизден кызмат кылып, элибиздин бакубат жошоосу үчүн өз салымыбызды кошууга аракеттенип келебиз. Жергебизде ар дайым тынчтык, биримдик жана токчулук болсун!
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясы.

Печать