Previous Next

Урматтуу курулушчулар! Урматтуу ардагерлер! Сиздерди кесиптик майрамыныздар- Курулушчулар күнү менен куттуктайм!

Новости Просмотров: 395

Урматтуу курулушчулар!
Урматтуу ардагерлер!
Сиздерди кесиптик майрамыныздар- Курулушчулар күнү менен куттуктайм!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 28-июлундагы № 539 токтомунун негизинде август айынын экинчи жекшембиси курулушчулар күнү деп белгиленген. Курулуш тармагы өлкөбүздүн орчундуу сектору болуп, мамлекетибиздин өнүүгүүсүндөгү ролу жана мааниси чон. Ал эми курулушчулардын кесипкөйлүүгүнөн жана кынтыксыз ишинен калктын коопсуз жашоосу көз каранды. Сиздердин жумушуңуздар өтө жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу экени талашсыз. Анткени Сиздер салган мектеп, бала бакчаларда канчалаган балдар тарбияланып, турак-жайга канчалаган жашоочу жашап, сиздер салган жолдон канчалаган адамдар басып өтөт. Өзүнүздөргө белгилүү болгондой Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан облусубузга бир катар социалдык объектилер курулуп келет. 2010-2021 жылдар аралыгында 37 мектеп, 8 бала бакча, 29 спортзал, 1 оорукана, 7 ФАП, 1 музей, 3 маданият үйү, 22 чакырым жол курулуп колдонууга берилгендигин баса белгилеп кетким келет. Майрамыныздар менен! Бул да болсо сиздердин кажыбас эмгегиниздердин жыйынтыгы деп билебиз. Курулушчу деген кесип дагы бир жолу айта кетким келет, өтө сыймыктуу кесип, анткени ар бириниздер жогорудагы айтылган имараттарды көрүп, ар дайым балдарынарга, неберелеринерге мактануу менен “Мен ушул имаратты кургам”- деп айта аласыздар. Сиздердин жараткан эмгегиниздер түбөлүкө эл журтка кызмат кылат. Жогорудагы айтылган курулуштардын тизмеси, жеке эле өнүктүрүү фонду аркылуу курулгандары болуп саналат. Мындан ары дагы Ысык-Көл өнүктүрүү фонду облусубуздун социалдык-экономикалык муктаждыктарын жоюуу багытында ишмердүүлүгүн уланта бермекчи.
Урматтуу курулуш тармагынын кызматкерлери дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.. Ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү жумушуңуздарга ийгиликтерди каалайм. Мындан ары да облусубуздун өнүгүүсүнө салым кошуп жүрө бериңиздер!

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү
фондун башкаруу боюнча
дирекциясынын директору   С.К. Медеров

Печать