Previous Next

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУНУН 2022-ЖЫЛДЫН БИРИНЧИ ЖАРЫМ ЖЫЛДЫГЫНДА АТКАРГАН ИШТЕРИ БОЮНЧА МААЛЫМАТ.

Новости Просмотров: 464

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУНУН 2022-ЖЫЛДЫН БИРИНЧИ ЖАРЫМ ЖЫЛДЫГЫНДА АТКАРГАН ИШТЕРИ БОЮНЧА МААЛЫМАТ.

2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу тарабынан төмөндөгүдөй жумуштар аткарылды. 2022-жылдын январь-июнь айларына карата “Кумтөр Голд Компани” ишканасы тарабынан Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусуна 363,8 млн сом акча каражаты түшкөн. Райондорго бөлүнүшү төмөндөгүдөй (млн.сом менен):
Жети-Өгүз району 77 715,8 сом
Тон району 53 057,5 сом
Балыкчы шаары 19 105,2 сом
Ак-Суу району 50 760,3 сом
Ысык-Көл району 44 730,3 сом
Түп району 42 359,5 сом
Ысык-Көл району 44 730,3 сом
Каракол шаары 51 131,4 сом
Облустук мекемелер 24 301,8 сом
Бардыгы: 363,2 млн. сом

2022-жылы 6 айына Фондтун Байкоочу кеңеши тарабынан бекитилген план боюнча каржыланган акча каражатынын тармактарга бөлүнүшү (млн.сом менен).

Билим берүү тармагы 67 102,7 сом
Саламаттыкты сактоо тармагы 13 531,6 сом
Маданият тармагы 7 330,5 сом
Спорт тармагы 9 582,3 сом
Жол жана суу менен камсыздоо 49 124,6 сом
Өздүк салым менен камсыздоо 34 217,3 сом
Киреше алып келүүчү долборлорго 120 915,0 сом
Башка тармактарга 61 357,8 сом
Бардыгы 363 161,8 сом

Биринчи жарым жылдыкта фондтун эсебинен каржыланып, колдонууга берилген объектилер боюнча айтсак Балыкчы шаарындагы Т. Океев көчөсү 105,6 млн сомго ондолуп, бүткөрүлдү. Ысык-Кол району боюнча Чок-Тал айылынын бала бакчасына 4 млн. 607 мин сомго от жагуучу жайы курулуп берилди. Темир айылындагы жаңы конушка 10,3 млн. сомго электр системасы орнотулуп берилди. Корумду айылындагы ФАПтын реконструкция иштери бүткөрүлдү. Каракол шаарынын жолдорду тейлөөчү муниципалдык ишканасына 2 жол техникалары алынып берилди, ал эми жашылдандыруу боюнча муниципалдык ишканасына 1 атайын техника алынып берилди. Жалпы техникаларга каржыланган сумма 26,0 млн. сомду түздү. Каракол шаарынын коопсуз аймак долбоорун колдоо максатында 2,5 млн. сом өздүк салым катары каржыланып, байкоочу камералар орнотулду. Ушундай эле долбоордун Ак-Суу районунда ишке ашырылышына 2 млн. сом бөлүнүп берилди. Жолголот айылындагы бала бакчасына 8 млн.сомдон ашык акча каражаты каржыланып оңдоо иштери аяктап колдонууга берилди. Түп районунун Ой-Тал айылындагы бала бакчанын оңдоо иштерине 4,2 млн. сом бөлүнгөн. Ондоо иштери аяктап, колдонууга берилди. Байзак айылындагы кичи футбол аянтчасына 2,5 млн. сом каражат бөлүнүп, курулуш иштери аяктады. Жалпысынан 2022-жылдын январь-июнь айлары аралыгында сатып алуу, оңдоп-түзөө жана курулуш объектилерин эске алганда жалпысынан 70 объекттинин иштери аткарылып колдонууга берилди.

 

Печать