АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНА ЖАНЫ СУУ ЛОТОКТОРУ ОРНОТУЛУП ЖАТАТ.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу Тон районунун Кара-Коо айылындагы “Алакөз-Каба” участогуна жаны суу лотокторун орнотууга каражат бөлдү. Аянттын жалпы узундугу 1902 метрди түзөт. Тендерлик баасы 4 млн. 948 мин сом. Жалпысынан 317 лоток орнотулмакчы. Бүгүнкү күндө 40 даанасы орнотулду. Буга чейин лотоктор жок болгондуктан суугат суу арык аркылуу кетип, дыйкандарга көйгөй жараткан учурлар болгон. Бул лотоктор аркылуу 1500 гектардан ашуун жер суугарылат. Ошондой эле жыл сайын арыктарды казуу, тазалоо иштери кыскарып, суунун ылдамдыгы жогорулайт. Лотокторду орнотуу иштерин Фондтун кызматкерлери жеринде барып көзөмөлдөп, тийиштүү көрсөтмөлөрдү берүүдө. Кошумчалай кетсек, өткөн жылы Фонд “Алакөз-Каба” каналынын башын ондоп түзөөгө каражат бөлгөн.
__________________________________________________
В СЕЛЬСКОМ ОКРУГЕ АК-ТЕРЕК ТОНСКОГО РАЙОНА УСТАНАВЛИВАЮТ НОВЫЕ ЛОТКИ ДЛЯ ВОДЫ.
Фонд развития Иссык-Кульской области выделил средства на установку новых лотков для поливной воды на участке “Алакоз-Каба” в селе Кара-Коо Тонского района. Общая длина составляет 1902 метра. Тендерная стоимость составила 4 млн. 948 тысяч сомов. Всего будет установлено 317 лотков. На сегодня установлено 40 единиц. Раньше были случаи, когда вода просачивалась через ров из-за отсутствия лотков, что создавало проблемы для фермеров. Через эти лотки орошается более 1500 гектаров земли. Также с установлением лотков сократятся работы по очистке, выкапыванию канала и увеличивается скорость стока. Сотрудники фонда на местах ведут контроль и дают соответствующие указания. Добавим, что в прошлом году Фонд выделил средства на реконструкцию канала “Алакоз-Каба”.