ТОНДО 200 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ФАБРИКАСЫ АЧЫЛДЫ.
Тон районунун Кажы-Сай айылына 200 орундуу “Актис” тигүү фабрикасынын филиалы ачылды. Ишкананын ачылышына Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу 10 миллион сом пайызсыз насыя бөлгөн. Учурда ишканада 90 жумушчу иштеп жатат. Алардын орточо айлык акылары 25000-35000 сомго чейин барат. Буйрутмалардын басымдуу бөлүгү Россиядан келет. Ишкана жетекчиси белгилегендей акыркы күндөрү Россиядан буйрутмалар көбөйдү. Андыктан тикмечилердин бир айлык эмгек акысы 45 000 сомго чейин жетиши мүмкүн. Фабрикада кызматкерлер үчүн бардык шарртар түзүлгөн. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун колоосу менен ачылып жаткан тигүү фабрикаларынын бирден бир максаты жергиликтүү тургундарды жумуш орду менен камсыз кылуу жана ишкерлерди колдоо болуп саналат.
_______________________________________________________________________________________________________________________________________________
В ТОНЕ ОТКРЫТА ШВЕЙНАЯ ФАБРИКА НА 200 МЕСТ.
В селе Каджи-Сай Тонского района открылся филиал швейной фабрики “Aктис” на 200 человек. Фонд развития Иссык-Кульской области предоставил беспроцентный кредит в размере 10 миллионов сомов на открытие предприятия. В настоящее время в цеху работает 90 человек. Их ежемесячная средняя заработная плата составляет от 25 000 до 35 000 сом. Большинство заказов поступает из России. По словам управляющей швейной фабрики в последние дни увеличилось количество заказов из России. Поэтому месячная зарплата швеи может составлять до 45 000 сомов. На фабрики созданы все условия для сотрудников. Основной целью швейных фабрик, которые открываются при поддержке Фонда развития Иссык-Кульской области, является обеспечение работой местных жителей и поддержка предпринимателей.