Previous Next

НООРУЗ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТОО.

Урматтуу мекендештер! Урматтуу Ысык-Көл облусунун тургундары жана коноктору! Сиздерди ​ эң байыркы майрам, Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Байыркы күндөн Нооруз - тирүүчүлүктүн, жаратылыштын ​ жаңылануусунун жана жакшы тилектердин майрамы. Байыркы бабаларыбыз 21-мартта күн менен түн​ теңелип, жыл тогошконун баамдап, Жаратканга, Тирүүлүккө, Жашоого таазим эткен. Жер айдап,​ үрөн сээп, келечекке, ​ жакшылыкка умтулган. Араздашууларын токтотуп, таарынычтарын кечирген. Дасторкон жайып, жаркын маанай менен жакындарына, досторуна жана коңшуларына жакшы тилектерин, каалоолорун билдирген. Нооруз майрамы бизге дем берип, жакшы тилектерибиз, асыл максаттарыбыз ишке ашсын. Жараткан эгемендүү Кыргызстан элин колдосун, жолубузду ачсын. Элибизге ынтымак жана биримдик, мамлекетибизге молчулук жана береке тартууласын! Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясы.


Печать