Previous Next

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУ КОЛДОГОН КИРЕШЕ АЛЫП КЕЛҮҮЧҮ ДОЛБООРЛОР

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУ КОЛДОГОН КИРЕШЕ АЛЫП КЕЛҮҮЧҮ ДОЛБООРЛОР
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду 2021-жылы киреше алып келүүчү долбоорлорго жалпысынан 379 млн. 800мин сом каржылады. 2021-жылга карата 143 киреше алып келүүчү долбоор каржыланды. Анын ичинен 10 долбоор жеңил өнөр жай тармагын түзөт. 2021-жылы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан жеңил өнөр жай тармагына, башкача айтканда, тигүү цехтерин ачууга 185 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү. Бул болжол менен 1800 ашуун жумушчу орунду түздү. Учурда облуста 5 ири тигүү цехи толук кандуу иштеп жатат. Жакынкы арада Ак-Булак айылына «Салкын» ЖЧКсынын 120 орундуу тигүү цехинин филиалын ачуу пландалууда. Каржылоонун көлөмү 10 млн. сомду түздү. Ошондой эле, Каракол шаарына дагы 200 орундуу тигүү цехинин ачылышы күтүлүүдө. Каржылоонун көлөмү 30 млн.сомду түздү. Мындан тышкары айыл чарба багытында көптөгөн долбоорлор колдоого алынып, айыл жергесиндеги тургундарды 1000-1200 иш орду менен камсыздаганга жетиштик.
Тармактарга бөлүнүшү төмөндөгүдөй:
Мал чарба (сүт, эт, тери, жүн) 45 долбоор
Багбанчылык 3 долбоор
Балык чарба 4 долбоор
Нан бышыруучу жана кондитердик цехи 6 долбоор
Туризм 2 долбоор
Тигүү цехи 10 долбоор
Темир бетон цехи 4 долбоор
Азык-түлүк логистикалык борбору 1 долбоор
Мончо 1 долбоор
Бизнес борбору 3 долбоор
Ичүүчү суу чыгаруу цехи 2 долбоор
Балдар бакчасын уюштурууга 2 долбоор
Бал челек 5 долбоор
ТТС 1 долбоор
Жүк ташуучу техника 2 долбоор
Ширетүүчү, жыгач иштетүүчү цехи 1 долбоор
Күнөскана 3 долбоор
Кирпич чыгаруучу завод 1 долбоор
Жыгач усталык, пластик чыгаруучу цех 2 долбоор
Эко-Блок 1 долбоор
СИП панель 3 долбоор
Тиш клиникасын кенейтүү жана техникалыкжабдууларды сатып алуу 1 долбоор
Чакан цехтерди иштетүү 1 долбоор
Айыл чарба техникасын сатып алууга 4 долбоор
Сок чыгаруу 1 долбоор


Печать