ЖЕТИ-ӨГҮЗДӨ ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ.
Бүгүн, 29- Декабрь Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылында жаңы балдар бакчасы ачылды. Ачылыш аземге Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун башчысы Самат Медеров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты. Бала бакчанын курулуш иштери 2020-жылдын май айында башталган. Жаны мектепке чейинки билим берүү мекемеси 2 кабаттан туруп 140 орунга ылайыкташкан. Жалпы тендерлик баасы 55 млн. 534 мин сом. Каржылоо толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан жүргүзүлүүдө. Жаңы бала бакчада бөбөктөр үчүн бардык шарттар түзүлдү. Эске салсак буга чейин Светлая Поляна айылына Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан мектеп жана спорт зал курулуп берилген.
В ДЖЕТИ-ОГУЗЕ ОТКРЫЛСЯ НОВЫЙ ДЕТСКИЙ САД.
Сегодня 29-Декабря селе Светлая Поляна Джеты-Огузского района состоялось открытие нового детского сада. На церемонии участвовали Полномочный представител Президента в Иссык-Кульской области Мирбек Кожоев, директор Фонда развития Иссык-Кульской области Самат Медеров, местная власть и жители села. Строительство детского сада началось в мае 2020 года. Новое дошкольное учреждение расчитано на 140 мест. Общая тендерная стоимость строительства 55 млн. 534 тысячи сомов. Финансирование полностью обеспечивался Фондом развития Иссык-Кульской области. В новом детском саду созданы все условия для малышей. Ранее Фонд развития Иссык-Кульской области построил школу и спортзал в селе Светлая Поляна.