ТАЛАС ОБЛУСУНУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛДУ.
Ысык-Көл облусун өнуктүрүү фондусунун кызматкерлери менен Талас облусун өнүктүрүү фондусунун кызматкерлеринин жолугушуусу өттү. Жолугушуунун негизги максаты Талас облусунан келген кесиптештерди Фонддун ишмердүүлүгү менен тааныштыруу жана тажрыйба алмашуу болду. Ошондой эле, делегация Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун каржылоосу менен ачылып жаткан ишканалар жана жеңил өнөр жай тармагы менен жеринде таанышты. Иш сапардын жыйынтыгы менен Талас облусун өнүктүрүү фондусунун өкүлдөрү өздөрүнө керектүү маалыматтарды жана иш тажрыйба топтоп, айрым маселелерди чечүүдө Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун тажрыйбасын колдоно тургандыгын билдиришти. Белгилей кетсек, жолугушуу Талас облусунун өнүктүрүү фондусунун демилгеси менен уюштурулду.
ПРОШЛА ВСТРЕЧА С ФОНДОМ РАЗВИТИЯ ТАЛАССКОЙ ОБЛАСТИ
Состоялась встреча сотрудников Фонда развития Иссык-Куля и Таласского фонда развития. Основная цель встречи - познакомить коллег из Таласской области с деятельностью Фонда и обменяться опытом. Делегация также ознакомилась с предприятиями легкой промышленности, которые открываются при финансировании Фонда развития Иссык-Куля. В завершение визита представители Таласского фонда развития отметили, что получили всю необходимую информацию и опыт. Также он намерены воспользоваться опытом Фонда развития Иссык-Куля для решения некоторых вопросов. Отметим, что встреча была организована по инициативе Фонда развития Таласской области.