Previous Next

ЫСЫК-КӨЛ ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУНУН ИШКЕРЛЕРДИН ИЙГИЛИГИНЕ КОШКОН САЛЫМЫ.

Новости Просмотров: 82
ЫСЫК-КӨЛ ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУНУН ИШКЕРЛЕРДИН ИЙГИЛИГИНЕ КОШКОН САЛЫМЫ.
Бостери айылынын тургуну,ишкер Нурисбек Токтогонов бир нече жыл мурун чакан күнөсканасына гүлдөрдү өстүрүп, ишкерлик кылып келген. 2019-жылы Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна ишкердигин өнүктүрүүгө жана кошумча күнөсканаларды курууга долбоор жазып кайрылган. Ишкердин долбоору Фонд тарабынан колдоого алынып, 2 млн.950 мин сом пайызсыз насыя берилген. Бул каражатка Нурисбек чон күнөскана куруп, эски күнөсканаларыны печкаларды орнотуп, чакан жүк ташуучу машина жана трактор сатып алган. Ишкердин айтымында буга чейин жалан гана гүл өстүрүп келген болсо, эми сезон учурунда башка жашылча-жемиштерди өстүрүүгө шарттар түзүлдү. Ишкер өстүргөн гүлдөрдү көбүнчө ири пансионаттар, эс алуучу жайлар сатып алышат. Айрым учурда Бишкектен дагы буйрутмалар келип түшөт. Башында 4 кызматкер иштеп келген болсо, азыркы учурда 8 адам эмгектенип жатат.
____________________________________________________________________
ВКЛАД ФОНДА РАЗВИТИЯ ИССЫК-КУЛЯ В УСПЕХ ПРЕДПРИНИМАТЕЛЕЙ.
Предприниматель Нурисбек Токтогонов, житель села Бостери, несколько лет назад выращивал цветы в небольшой теплице. В 2019 году он обратился в Фонд развития Иссык-Куля с проектом по развитию предпринимательства и строительству дополнительных теплиц. Фонд поддержал проект предпринимателя и предоставил беспроцентный кредит на сумму 2 миллиона 950 тысяч сомов. На эти деньги Нурисбек построил большую теплицу, установил печи в старых теплицах, купил небольшой грузовик и трактор. По словам бизнесмена, раньше он выращивал только цветы, но теперь у него есть возможность выращивать другие овощи и фрукты по сезону. Цветы, выращенные предпринимателями, часто покупают на большие пансионаты и дома отдыха. В некоторых случаях заказы поступают из Бишкека. Изначально у предпринимателя было 4 сотрудника, на сегодня у него трудятся 8 человек.
Печать