Previous Next

ЖАҢЫ АРЫК АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ МЕКТЕП БҮТКӨРҮЛДҮ.

ЖАҢЫ АРЫК АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ МЕКТЕП БҮТКӨРҮЛДҮ.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун каржылоосу менен Ак-Суу районунун Жаңы Арык айылында жаны мектептин курулушу аяктап, колдонууга берилди. Жалпы тендерлик баасы 53 млн.212 мин сомду түздү. Ачылыш аземге Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун директору Самат Медеров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты. Мектеп 320 орунга ылайыкташкан, жалпы аянты 1411 чарчы метр. Балдар үчүн бардык тийиштүү шарттар, спорт зал, жуунуучу жайлар, ички дааратканалар каралган.

Печать