Previous Next

ТАМГА АЙЫЛЫНЫН БОРБОРДУК КӨЧӨСҮ ОҢДОЛДУ.

ТАМГА АЙЫЛЫНЫН БОРБОРДУК КӨЧӨСҮ ОҢДОЛДУ.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун каржылоосу менен Тамга айылынын борбордук көчөсү толугу менен ондоп-түзөөдөн өткөрүлүп, асфальт төшөлдү. Ошондой эле, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жасалды. Ондоо иштеринин жалпы сметалык баасы 25 млн.503 мин сомду түздү. Ал эми узундугу 1300 метрди түзөт. Борбордук көчөнүн ондолушу жана тротуарлардын салынышы жергиликтүү жашоочулар үчүн коопсуздукту алдын алып, туристтердин келишине бирден-бир шарт түзмөкчү. Себеби, туризм жергиликтүү жашоочулардын негизги каражат булактарынын бири.
Кошумчалай кетсек, Ысык-Көл өнүктүрүү фондусу облус боюнча айыл жергесинин инфраструктурасын жакшыртуу демилгесин кенири колдоп, жылына ири суммадагы акча каражаттарын бөлүп келет.

Печать