Previous Next

ТҮПТӨ ЖАНЫ СПОРТ ЗАЛ ИШКЕ БЕРИЛЕТ.

ТҮПТӨ ЖАНЫ СПОРТ ЗАЛ ИШКЕ БЕРИЛЕТ.
Түп районунун Кен-Суу айылында жаны курулган спорт зал колдонууга берилет. Спорттук имараттын курулуш иштери толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан каржыланды. Курулуш 2019-жылдын Август айында башталып, 2023- жылдын Октябрь айында толугу менен бүткөрүлдү. Жалпы аянты 739м2 түзөт. Сметалык баасы 21 млн. 979 мин сом. Спорт залда бардык шарттар түзүлгөн. Жуунуучу жайлар, ички дааратканалар, тренерлердин бөлмөсү жана чечинүүчү бөлмөлөр бар.

Печать