Previous Next

ЭСЕПТИК ПАЛАТАСЫНЫН ТЕКШЕРҮҮСҮ БОЮНЧА МААЛЫМАТ.

ЭСЕПТИК ПАЛАТАСЫНЫН ТЕКШЕРҮҮСҮ БОЮНЧА МААЛЫМАТ.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясында 2019-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейинки аралыгына карата бюджеттин аткарылышына жана ишине жургүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан көрсөтүлүп жаткан 665 млн. 867 миң сомдук финансылык бузуулар Эсептөө палатасынын 03.10.2023 жылдын Чыг.№01-08/63 Жазма буйругундагы көрсөтүлгөн маалыматка дал келбейт. Эсептөө палатасы тарабынан берилген сунуштамада жана жазма буйрукта 4 жыл ичиндеги иш алып баруудагы процедуралык кемчиликтер кетирилгени көрсөтүлгөн. Аталган сумма процедуралык бузуулар буйрукта көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу менен, тийиштүү иш кагаздарды, дебитордук карыздарды тастыктоо жана отчеттук кагаздарды толуктоо жолу менен калыбына келтирүү мүмкүн экендигин билдиребиз. Андыктан, Дирекция тарабынан мамлекеттин казынасына зыян келтирилген эмес жана ошондой терс ой-пикирди жаратпоо максатында төмөндөгү 665 млн. 867 миң сомдук финансылык бузуулар (зыян келтирүү) Дирекция тарабынан келтирилбегендигин маалымдайт. Ал эми процедуралык кемчиликтерден келип чыккан бузууларды ондоо менен бирге, финансылык каражаттарды эсеп калыбына келтирүү иштерин алып бармакчыбыз. Ошондой эле, тийиштүү талапка ылайык эсептик жана өндүрүштүк милдеттерин туура жүргүзбөгөн кызматкерлерге чара колдонуу жана жоопкерчиликтерин кароо боюнча иштер жүргүзүлмөкчү.

Печать