Previous Next

АК-СУУ РАЙОНУНУН ЧЕЛПЕК АЙЫЛЫНА ЖАНЫ АТАЙЫН ТЕХНИКА ТАПШЫРЫЛДЫ.

АК-СУУ РАЙОНУНУН ЧЕЛПЕК АЙЫЛЫНА ЖАНЫ АТАЙЫН ТЕХНИКА ТАПШЫРЫЛДЫ.
​Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун жана Кумтор Голд Компани ишканасынын колдоосу менен Челпек айылына жол тейлөөчү техника алынып берилди. Техниканын ​ жалпы баасы 8,5миллион сом жана 2023-жылы чыгарылган. Анын ичинен 2 млн.сом Кумтор Голд Компани тарабынан ал эми калган сумма Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан бөлүнгөн.​ Аталган жол тейлөөчү техника айыл​ элинин ​ көйгөйүн чечүү менен бирге 80 чакырымдан ашуун ички жолдорун тейлемекчи. Техниканы ​ ташпыруу аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уланбек Далиев, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун башкы адиси Исламбек Дюненбаев, ​ Ак-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Мунарбек Насиров жана айыл тургундары катышышты. Аталган айыл аймакта 8 миӊге жакын адам жашайт, Челпек, Таш-Кыя, Бурма-Суу айылдары кирет.

Печать