Previous Next

ЖЫГАЧ УСТАКАНА АЧКАН ИШКЕР.

ЖЫГАЧ УСТАКАНА АЧКАН ИШКЕР.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан пайызсыз насыя алып ишкерлигин өнүктүргөн ишкерлер күн санап көбөйүүдө. Алардын бири Түп районунун Түп айылынын тургуну Асан Асамамбетов 2022-жылы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна жыгач устаканасын ачуу боюнча долбоор жазыа кайрылган. Долбоор Байкоочу кенеш тарабынан колдоого алынып, 1 млн.сом пайызсыз насыя бөлүнгөн. Ишкер бул каражатка керектүү шаймандарын, жыгач кесүүчү жабдууларды сатып алган. Учурда ишканада 4 адам эмгектенет. Орточо айлык акылары 25 мин сомдон 60 мин сомго чейин жетет. Цехте таза жыгачтан жасалган эшик-терезелер, тепкичтер жана экологиялык таза коттедждер жасалат. Керектелүүчү чийки заттар Бишкек шаарынан жана коншу мамлекеттерден алынып келинет.

Печать