Previous Next

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУНУН КОЛДООСУ МЕНЕН 200 ОРУНДУУ ТИГҮУ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ.

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУНУН КОЛДООСУ МЕНЕН 200 ОРУНДУУ ТИГҮУ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Ысык-Көл районунун Ананьево айылында жеке ишкер Абдулла Базарбаевдин "АГО Инстайл" ЖЧКсы тарабынан 200 орундуу кийим тигүү фабрикасы ачылды.
Расмий ачылышка Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун өкүлү Талант Усенов, район жетекчилиги жана айыл тургундары катышышты.
Ишкананын ачылышына Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун киреше алып келүүчү долбоорлорду каржылоого карата каралган акча каражатынын эсебинен 20,0млн.сом пайызсыз насыя каралган.
Бүгүнкү күндө курулуш иштери аяктап, тигүүчү эмеректер орнотулуп, тикмечилер алынып, окутуудан өткөрүлдү. Ишкана тарабынан өндүрүлгөн продукция (аялдардын жана эркектердин сырткы кийимдери) Орусияга экспорттоого багытталган.

 


Печать