Previous Next

КАРАКОЛДО ПАЙЫЗСЫЗ ФИНАНСЫЛЫК ЖАРДАМ АРКЫЛУУ БАЛА БАКЧА АЧЫЛАТ.

Новости Просмотров: 301

КАРАКОЛДО ПАЙЫЗСЫЗ ФИНАНСЫЛЫК ЖАРДАМ АРКЫЛУУ БАЛА БАКЧА АЧЫЛАТ.
Каракол шаарынын тургуну, жеке ишкер Гулбарчын Айсахунова 2022-жылы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна иштеп жаткан бала бакчаны кенейтүү жана өнүктүрүү максатында долбоор жазып кайрылган. Долбоор Фондтун Байкоочу кенеши тарабынан жактырылып 5 млн. сом өлчөмүндө пайызсыз насыя берилген. Бүгүнкү күндө бакчанын имараты кенейтилип, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Учурда бакчада 15 бала тарбияланып, 5 кызматкер иш алып барат. Ал эми кошумча имараттын бүткөрүлүшү менен балдардын саны 50-60 балага чейин жетип, кызматкерлер дагы көбөймөкчү. Ишкердин айтымында, мектепке чейинки билим берүү мекемеси базарга жакын жайгашкандыктан, базарда соода-сатык кылган ата-энелер үчүн аябай ыңгайлуу болмокчу. Ошондой эле, “жаны бала бакчанын ачылышы менен шаардагы бала бакчага болгон муктаждык женилдеп жана бөбөктөрдүн сапаттуу билим алышына шарт түзүлмөкчү” деп баса белгиледи бала бакчанын жетекчиси.

Печать