Previous Next

КАРАКОЛДОГУ ТАРЫХЫЙ ИМАРАТ ОНДООДОН ӨТТҮ.

Новости Просмотров: 269
КАРАКОЛДОГУ ТАРЫХЫЙ ИМАРАТ ОНДООДОН ӨТТҮ.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун колдоосу менен Каракол шаарындагы тарыхый имарат капиталдык ондоп-түзөөдөн өттү. Учурдагы педагогикалык колледждин ички, сырткы жана чатырын ондоого фонд жалпысынан 5​ 900​ 000 мин сом каражат бөлгөн. Имарат болжол менен 1880-жылдардын башында курулган андыктан курулушчуларга тарыхый имаратты ондоп-түзөө иштеринде баштапкы келбетин өзгөртпөө тапшырмасы коюлган. Учурунда аталган имаратта кыргыз интеллигенциясынын көрүнүктүү инсандары тарбия алышкан. Андыктан бул имараттын тарыхый баалуулугу өтө чон мааниге ээ. Азыркы күндө ​ бул жай педогогикалык колледж катары келечектеги агартуучуларды тарбиялоодо. Бүгүнкү күндө имаратты ондоп-түзөө иштери толугу менен аяктап, колдонууга берилди.
Печать