Previous Next

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУНУН 2022-ЖЫЛЫ АТКАРГАН ИШТЕРИ БОЮНЧА МААЛЫМАТ.

Новости Просмотров: 305

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУНУН 2022-ЖЫЛЫ АТКАРГАН ИШТЕРИ БОЮНЧА МААЛЫМАТ.

2022-жылдын январь-декабрь айларында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясы тарабынан төмөндөгүдөй жумуштар аткарылды.
2022-жылдын январь-декабрь айларына карата “Кумтөр Голд Компани” ишканасы тарабынан Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусуна 800 800 000 сом акча каражаты түшкөн жана 900 000 000 сом каржыланып берилди. Биринчи пландык көрсөткүч каржылоо март айынан башталган. Жалпы план 91,0 пайызга аткарылды.
Эскертүү: Пландын 91,0 пайыз аткарылгандыгынын себеби, 2022-жылга карата Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан смета 500,0 млн. сом бекитилген, ошондон улам, сметадан ашык төлөөгө мүмкүн болбой калган.
Аталган сметаны көбөйтүү боюнча 2022-жылдын июнь айында Каржы министрлигине кайрылуу жолдонуп, октябрь айынан тарта объектилер каржылана башталган КР Каржы министрлиги тарабынан бекитилген смета жалпысынан 927,0 млн.сомду түздү. Ал эми каржыланган сумма 922,0 млн. сомду түзөт. Бекитилген сметага алганда план 99,0 пайызга аткарылды.
2022-жылы 12 айына Байкоочу кеңеш тарабынан бекитилген пландын жана каржыланган акча каражатынын тармактарга бөлүнүшү (млн.сом менен)
Билим берүү тармагы 147 394,0
Саламаттыкты сактоо тармагы 32 212,8
Маданият тармагы 29 946,7
Спорт тармагы 23 179,7
Жол жана суу менен камсыздоо 95 203,6
Өздүк салым менен камсыздоо 91 492,1
Киреше алып келүүчү долборлорго 363 701,6
Башка тармактарга 116 890,1
Баардыгы 900 020,5
2022-жылы Фонд тарабынан баардыгы болуп 200 объектиде курулуш жана оңдоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, жыл ичинде фондтун эсебинен каржыланып Балыкчы шаарындагы 4 км жол 105,6 млн сомго бүткөрүлдү, Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылындагы эски маданият үйүн бала бакча кылып реконструкциялоо иштери аяктады, сметалык баасы 13,6 млн.сомду түзөт. Тоң районунун Шор-Булак айылындагы мектептин актовый залынын курулушу аяктап колдонууга берилди (сметалык баасы 5,9 млн. сомду түзөт), Каракол шаарынын коопсуз аймак долбоорун колдоо максатында 2,5 млн. сом өздүк салым катары каржыланды. Ал эми Ак-Суу районунун коопсуз аймак долбоорун колдоо максатында 2,0 млн. сом бөлүнүп берилди. Жолголот айылындагы бала бакчасына 8,0 млн.сомдон ашык акча каражаты бөлүнүп, оңдоо иштери аяктап колдонууга берилди. Ой-Тал айылындагы бала бакчанын оңдоо иштерине 4,2 млн.сом каржыланып колдонууга берилди. Байзак айылындагы кичи футбол аянтчасы 2,5 млн. сом каржыланып курулуш иштери аяктады. Ысык-Көл районунун Темир айылындагы жаңы конушунуна 10,3 млн. сомго электр системасы отнотулуп берилди. Корумду айылындагы эски баня 3,7 млн сомго ФАПка реконструкцияланып колдонууга берилди. Ошондой эле, Кароол-Дөбө айылындагы кичи футбол аянтчасы 2,7 млн.сомго курулуп, колдоонууга берилди. Каракол шаарынын жолдорду тейлөөчү муниципалдык ишканасына 2 оор техника сатылып алынды. Ал эми жашылдандыруу боюнча муниципалдык ишканасына 1 техника алынып берилди. Жалпы техникаларга каржыланган акча каражаты 26,0 млн. сомду түздү. Ак-Суу районунун айыл аймактарына 4,5 млн.сомго 1 погрузчик жана 8,3 млн. сомго жаан кылып сугаруу агрегаттары сатып алынып берилди. Ак-Суу районунун Шапак айылындагы жалпы сметалык баасы 4,7 млн. сомду түзгөн ФАП колдонууга берилди. Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы мектептин курулушу аяктап, 2023-жылдын февраль айында колдонууга берилиши пландалууда.
Жалпысынан 2022-жылдын январь-декабрь айлары боюнча сатып алуу, оңдоп-түзөө жана курулуш объектилери боюнча 108 объекттин иштери аткарылып колдонууга берилди.
Ошондой эле, 2022-жылы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун акча каражатынын эсебинен 113 киреше алып келүүчү долбоор колдоого алынып 363,7 млн.сом каржыланды жана 1 200дөн ашык жумуш ордулары түзүлдү.

Печать